Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

АКШнын курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча демилгесин Кремль колдоду


Эки немис жараны президенттер Д.Трамп менен В.Путиндин жүздөрүнө окшош беткаптарды кийип алып, «өзөктүк куралсыз дүйнө» чакырыгын таштаган нааразылык акциясына катышты. Бранденбург дарбазасы, Берлин. 2020-жылдын 30-июлу.
Эки немис жараны президенттер Д.Трамп менен В.Путиндин жүздөрүнө окшош беткаптарды кийип алып, «өзөктүк куралсыз дүйнө» чакырыгын таштаган нааразылык акциясына катышты. Бранденбург дарбазасы, Берлин. 2020-жылдын 30-июлу.

Кремль АКШ менен өзөктүк куралдарды көзөмөлдөө жаатындагы СТАРТ келишиминин мөөнөтүн узартуу боюнча өз турумун кайрадан баса белгиледи. Москва АКШнын жаңы президенти Жо Байдендин өкмөтүнүн өзөктүк курал боюнча бул эки мамлекеттин ортосунда сакталып калган акыркы ири келишим боюнча макулдашууга жетишүү үчүн убада берген аракеттерин кубаттай турганын билдирди.

Орусия учурган континент аралык жаңы ракета өзөктүк отун менен кыймылга келет. 2018-жылдын 1-марты.
Орусия учурган континент аралык жаңы ракета өзөктүк отун менен кыймылга келет. 2018-жылдын 1-марты.

2010-жылы кол коюлган жана кийинки айдын мөөнөтү аяктаган «Жаңы СТАРТ (Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишими)» деп аталган келишим Орусия менен АКШ жайгаштыра ала турган өзөктүк дүрмөттөрдүн, ракеталардын жана бомбалоочулардын санын чектейт. Ал 1994-жылы күчүнө кирген Стратегиялык куралдарды кыскартуу жөнүндө келишимдин (СТАРТ I) ордуна түзүлгөн болчу.

Кремлдин басма сөз өкүлү Дмитрий Песков 20-январда курал-жарактарды көзөмөлдөө келишимин узартуу багытындагы жаңы аракеттердин ыктымалдыгы тууралуу кабарчыларга мындай деди:

«Орусия жана анын президенти бул келишимди сактоону жакташат... Эгерде биздин америкалык кызматташтарыбыз бул келишимди узартуу жолу менен сактап калыш үчүн саясий эркти иш жүзүндө көрсөтчү болсо, анда аны жактыруу менен гана кабыл алууга болот».

Президент Жо Байден 2020-жылы ноябрда эле болочок мамлекеттик катчылыкка сунуш кылган дипломат Энтони Блинкен 19-январда, Сенаттын комитетинде өз талапкерлиги каралып жатканда бул тууралуу да кеп козгоду. Ал «расмий Вашингтон 2010-жылдагы келишимдин мөөнөтүн узартууга жана анын узартылыш мөөнөтү канчалык боло тургандыгын аныктоого тийиш» деп билдирди. Былтыр Орусиянын президенти Владимир Путин расмий Вашингтонду бул келишимди эч кандай шарт койбостон дагы бир жылга узартууга чакырган. (TT)

XS
SM
MD
LG