Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Түндүк Корея «эң кубаттуу курал-жарагын» көрсөттү


Түндүк Корея Пхеньянда өткөн аскердик парадда суу алдындагы кемелер үчүн жасалган баллистикалык ракетаны эл алдында алып чыкты. Мамлекеттик маалымат каражаттары бул ракетаны «дүйнөдөгү эң кубаттуу курал-жарак» катары мүнөздөштү.

«Reuters» агенттиги түндүк кореялык маалымат каражаттары жарыялаган кадрларга таянып, «Пуккыксон-5» ракетасы жөнүндө сөз болуп жатышы мүмкүн экенин жазып чыкты. Бул былтыркы парадда көрсөтүлгөн курал-жарактын жаңыртылган версиясы.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышкан парадда курал-жарактын бир нече түрү көрсөтүлдү. Бул аскердик жүрүшү Кореянын Эмгек партиясынын VIII жыйналышынын алкагында өткөрүлдү. Өткөн жумада жыйында сүйлөп жатып Ким Чен Ын өлкөнүн өзөктүк жана аскердик потенциалын өнүктүрөрүн билдирди.

Ал АКШны ким башкарса да аны Түндүк Кореянын эң башкы душманы деп атады.

Пхеньяндагы кезектеги аскердик парад АКШда шайланган президент Жо Байден кызматка кирерге бир жумага калганда өттү. Кызматтан кетип жаткан президент Дональд Трамп Ким Чен Ын менен эки ирет жолугуп, ал кездешүүлөр жыйынтыксыз аяктаган.

XS
SM
MD
LG