Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Өзөктүк куралды тыйган эл аралык келишим кийинки жылы күчүнө кирет


Бул документке АКШ, Британия, Франция, Кытай жана Орусия баштаган өзөктүк державалар кол койгон эмес.
Бул документке АКШ, Британия, Франция, Кытай жана Орусия баштаган өзөктүк державалар кол койгон эмес.

Гондурас 24-октябрда Өзөктүк куралга каршы эл аралык келишимди колдоду жана бул документти ратификациялаган 50-өлкө болуп калды. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын басма сөз өкүлү келишим эми 90 күндөн кийин, тактап айтканда, эмдиги жылы 22-январдан тартып күчүнө кирерин билдирди.

"Кызыл Чырым" эл аралык уюмунун башчысы Питер Маурер окуяны "адамзаттын жеңиши" деп баалады.

2017-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган, бул документтин кабыл алынышына салым кошкон Өзөктүк куралды жоюу боюнча эл аралык кыймылдын (ICAN) аткаруучу директору Беатрис Фин "Бул жагдай 75 жылдан кийин, Хиросима менен Нагасакидеги үрөй учурган чабуулдан кийин келди. Документке кол койгон 50 өлкө эл аралык жаңы норманы орнотууда көсөмдүгүн көрсөттү, өзөктүк курал моралга гана каршы келбестен, мыйзамсыз болуп эсептелет" деп билдирди.

Өзөктүк куралга каршы эл аралык келишим БУУнун Башкы Ассамблеясында 2017-жылы июлда, 122 мамлекеттин макулдугу менен кабыл алынган. Ага АКШ, Британия, Франция, Кытай жана Орусия баштаган өзөктүк державалар кол койгон эмес.

Документке кол койгон өлкөлөр "эч качан, эч бир жагдайда өзөктүк курал даярдабоо, сынабоо жана сактап, таратпоо" тууралуу милдеттенме алат. Ошондой эле бул мамлекеттер башка өлкөлөрдүн өзөктүк куралын өз аймагына жайгаштырбайт.

XS
SM
MD
LG