Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 17:40

Өгөй баладай томсоргон Сары-Могол


Сары-Могол.

Кеңешбек Сайназаров менен туулган айылы Сары-Моголдун 17 жыл илгери Кыргызстандын курамына өткөндөн бери чечилбей келаткан маселелери тууралуу баарлаштык.

- Кеңешбек мырза, кичи мекениңиз Сары-Могол айылы азыр Кыргызстандын Алай районунун курамында экен. Айылыңыздар Кыргызстандын курамына өткөндө бардыгыбыз кубанганбыз. Өз республикасына кайра кошулгандан кийинки бул айылдын азыркы жагдайы кандай?

Кеңешбек Сайназаров.
Кеңешбек Сайназаров.

- Кандайдыр бир себептерден – кайдыгерликтенби же башка жүйөлөрдөн уламбы, айтор, көп жылдардан бери чечилбей келаткан татаал маселелер бар. Ырас, Сары-Могол айылы 1946-жылдан 2003-жылга чейин Тажикстандын Тоолуу Бадахшан Автоном облусундагы этникалык кыргыздар отурукташкан Мургаб районунун курамында болгон.

Чоң-Алай менен Алайдын ортосунан орун алган бул айылдын аянты 200 миң чарчы чакырым. Тажикстан ушул жердин баарын 2003-жылы Кыргызстанга өткөрүп берген. Бул кубаныч ошол кезде миңдеген этникалык кыргыздардын төбөсүн көккө жеткирген.

Тилекке каршы, элди арасат абалда калтырган маселелер чечилбей жатат. Мисалы, Тажикстан өткөрүп берген жер ушу кезге чейин элдин менчигине бериле элек.

Тажикстандын курамынан кандай бөлүнгөн болсо, ошол бойдон турат. Кыргызстан тарап бул жерлерди трансформациялабай жатканы, элдин жашоосун жакшыртууну колго албаганы өкүндүрбөй койбойт. Ушул себептен элдин көпчүлүгү өзүнүн жерине мыйзамдуу түрдө ээ боло албай кыжалаттанып жүрөт. Кызыл китептери жок.

Эгер азыр элге жер бөлүштүрүлө турган болсо, айылда жашап жаткандардын бардыгына жетпей, дагы бир чоң маселе жаралары анык. Тажикстандын курамында турган кезде 10-15 гектар жерге ээ болуп алган адамдар бүгүн башкалар менен бөлүшүүгө макул эмес.

Сары-Могол Кыргызстандын курамына өткөндөн кийин Мургабдагы көптөгөн кыргыздар ушул айылга ооп келип каттоого туруп, атуулдук алууга үлгүрүшкөн. Алардын бардыгы азыр ушул жерде жашап жатат. Жерлери жок.

Элдин саны көбөйдү. Кандай болгон күндө да, 17 жылдан бери отурукташып, атуулдук алган кыргыздар жерге ээлик кылууга укуктуу.

Көпчүлүк адамдар жер маселеси чечилбегенден кийин, пенсияга чыга албай жатат. Биринчиден, алар расмий түрдө эч жерде иштебейт, экинчиден, фермерлик же дыйканчылык менен алектенели десе, ал үчүн баарынан мурда мыйзамдуу ээлик кылган жери болушу керек. Кыскасы, абал жакшы эмес. Тарыхый мекенибизде жашайт экенбиз деп сүйүнгөн бадахшандык кыргыздар ушундай кейиштүү абалга дуушар болуп турган чагы. Маселе качан, кантип чечилери белгисиз.

- Маселе абдан татаал экен. Айылда мектеп, бейтаптарды дарылоочу жайлар барбы деги? Элдин 17 жылдан берки жашоо-турмушу мурдагыга караганда жакшырып калса керек?

- Албетте, бир кыйла жакшырган деп айта алам. Тажикстандын курамында турган кезде Сары-Могол айылы райондун борборунан 500 чакырым алыс болгондуктан, кыргыздар абдан көп кыйынчылыктарды баштан өткөрүшкөн. Кудай жалгап, эл азыр ал ташпиштерден арылышты. Кыргызстандын паспортун алгандан кийин каалаган жактарга ээн-эркин барып иштеп да, окуп да, дарыланып да жүрүшөт. Айылга жаркыраган мектеп курулган. Бирок 5000 кишиден ашуун калкы бар чоң айылда оорулууларды жаткырып, айыктыра турган оорукана жок. Бир чакан ФАП бар, ал оорукана эмес да. Ушул себептүү адамдар Улуу Памир жолундагы эң бийик Талдык дабанын ашкан соң, Гүлчөдөгү райондук ооруканага барып дарыланып турушат. Бул деле ашыкча түйшүк.

- Тоолуу Бадахшандагы Мургаб районунун айылдарынан жана сиздин кичи мекениңиз Сары-Моголдон Чүйгө ж.б. аймактарга көчүп келгендер, алардын биримдиги, карым-катышы, кичи мекени менен байланышы тууралуу да айтып берсеңиз?

- Сары-Могол айылынан көчүп келгендердин көпчүлүгү Жайыл районуна отурукташкан. Үлүш жерге, үй-жайларга ээ болгону бар. Бул жерде деле бири-бирибизге күйүп жүрөлү деген максатта “Чүй-Сары-Могол” ынтымак коомун түзгөнбүз. Коомду мен өзүм жетектейм. Маал-маалы менен жолугушуп, ар кандай маселелерди акылдашып чечебиз. Ар түрдүү мааракелерди өткөрөбүз. Бүткүл дүйнөнү ташпишке салган коркунучтуу вирус күч алганда коомубуз 150 миң сомго жакын каражат топтоп, беткап, дары-дармек жана башка зарыл нерселерди жөнөттүк. Мындай жардамды буга чейин деле берип келгенбиз. Мисалы, айылга таза суу жеткириш үчүн акча каражатын чогултуп берген элек. Жердештерибизден кимдир бирөөсү катуу ооруп Ошко же Бишкекке келсе, көмөгүбүздү аябайбыз.

- Мургаб менен байланышып турасыздарбы?

- Чынын айтсам, бир кулагыбыз ошол жакка бурулган. Кандай өзгөрүүлөр болду экен, жердештерибиздин жашоо-турмушу жакшырып баратты бекен деген ой-санаа көңүлдөн кетпейт. Керектүү жардамыбызды Чүй боорунда убагында Мургабдан көчүп келип, отурукташып калгандар түзгөн «Улуу Мекен» коомдук фонду аркылуу бергибиз келет.

Маектеш тууралуу чакан маалымат:

Кеңешбек Сайназаров 2003-жылга чейин Тажик Жумуриятынын Тоолуу Бадахшан Автоном облусундагы Мургаб районунун курамында болуп келген Сары-Могол айылында туулуп-өскөн. 1995-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институттун чет тилдер факультетин бүткөндөн кийин 2001-жылы АКШдагы Колорадо университетин аяктап, “Коммерциялык эмес секторду башкаруу жана саясат, айлана чөйрөнү башкаруу жана саясат” деп аталган кош багыттагы мамлекеттик башкаруу магистри даражасына ээ болгон. Азыр “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” эл аралык уюмунун Орто Азия чөлкөмүндөгү программаларын жетектейт.

Аңгемелешкен Мирзохалим Каримов

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG