Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

COVID-19: Жалал-Абаддагы жан айласы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда коронавирус жуктуруп алган бейтаптар үчүн кычкылтек баллондору жетишпей жатат.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 25-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада 606 адамдан вирус жаңыдан табылды. Анын дээрлик үчтөн бири - 184 адам Жалал-Абад облусунда.

Облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө бейтаптардын жакындары өз акчасына кычкылтек баллонун сатып келип, ыктыярчылардын көмөгү менен аны орнотуп жатышат.

Анткен менен кычкылтек баллонун толтуруп берүүчү станциялар облус аймагында жетишпей, бул жагдай бейтаптардын жакындарын тынчсыздандырууда. Алар бийлик өкүлдөрүн оору менен күрөшүүгө олуттуу мамиле жасап, чукул чараларды көрүүгө чакырышты.

Жакындарынын өмүрү үчүн күрөш

Эки күндөн бери социалдык тармактарда кычкылтек толтуруу үчүн керек болгон баллондорду сурап кайрылгандар көбөйдү.

23-октябрда Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө кычкылтек жетишпей жатат деп бейтаптардын жакындары Интернетке видео чыгарышкан. Жаан-чачынга карабай, бул адамдар кычкылтекти үзгүлтүсүз жеткирүү менен алек болуп жатканын көрүүгө болот. Алардын арасында Сейдалы Мендибаев да бар. Ал төрт күндөн бери оору менен күрөшүп жаткан карындашынын дем алуусу үчүн эшикте орнотуп алган кычкылтек толтурулган баллонду көзөмөлдөп турат.

«Мага ичиндеги адамдар "баллондун кулагын бура" дейт, мен ошол учурду көзөмөлдөп турам. Азыр кычкылтекти да кымбат баада сатып алып жатабыз. Жалал-Абадда кычкылтек түгөнүп калыптыр деп жатышат. Суранат элем, маселени тез арада чечип беришпесе, бейтаптар кыйналып жатат».


Жакындары үчүн кычкылтек сатып келип, бүгүн түгөнсө кандай айла табам дегендердин дагы бири Шакирбек Сыдыков. Ал бир эле учурда атасы менен агасынын ден соолугуна кам көрүп жатканын айтат. Жакындары үчүн бир күнгө 6 кычкылтек баллонун 3 миң сомго толтуруп келген. Бирок алар түгөнсө жакындарымдын абалы кандай болот деп санаага батып турат. Анткени кычкылтек Жалал-Абад шаарындагы станцияга Майлуу-Суудагы лампа заводунан келчү. 23-октябрда ал жакта техникалык авария болуп, кычкылтек алып келүү токтогон.

«Биз кычкылтекти толтуруп келгиче кандай болуп кетет деп коркуп жатабыз. Ал эми өкмөт ооруканага шарт түзүп, кычкылтекти алып келип берип турса болмок».

Учурда облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 150дөй кычкылтек баллону бар. Аларды Жалал-Абад шаарындагы ыктыярчылар чогултуп келген. "Абал күн сайын оорлоп жаткандыктан учурда дагы кеминде 100 баллон зарыл" дейт ыктыярчы Шакир Тайчабаров.

«Азыр баллондор жетишпей жатат. Эгерде элден чыгып калса ыктыярчылар кычкылтекти Ошто болсо да толтуруп келгенге даярбыз. Оору күчөдү, бирок көңүл бургандар аз».

Ооруканага туташтырылган кычкылтек баллондору.
Ооруканага туташтырылган кычкылтек баллондору.


Жардам күткөн элеттиктер

Бейтаптардын жакындары кычкылтектин жетишпестигинен облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 100гө чукул бейтаптын үчөө өткөн суткада көз жумганын айтышты. Бирок облустук оорукананын директорунун орун басары Мелис Баймуратов бул маалыматты четке какты. Ал соңку бир аптада бир адам каза болгонун белгилеп, буларга токтолду:

«Бул илдеттен бир жумада үч киши өлүптүр деген маалыматтар туура эмес. Эгер каражат жетсе атайын кычкылтек толтуруучу чоң жайларды курмак элек. Ошондо баллондорду көтөрүп жүрбөйт элек. Биздин кызматкерлер физикалык жактан жетишпей жатышат».


Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Майлуу-Суудагы кычкылтек толтуруучу жай оңдолгонун маалымдады. Ошондой эле кырдаалдан чыгуу үчүн алдыда чукул чаралар көрүлөөрүн, кычкылтек менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча да иш-аракеттер көрүлөрүн белгиледи.

«Майлуу-Суудагы кычкылтек толтуруучу жай оңдолду. Бүгүн болсо шаардагы бир топ кычкылтек толтуруучу жайларды кыдырдык. Ал жерлер да даяр болуп турушат. Маселе чечилип калат деп ишендирем».

Учурда Жалал-Абад облустук ооруканасынын 95 оруну толуп, кошумча даярдалган 100 орундуу бейтапканада дагы 30дай адам дарыланууда. Алардардын дээрлик 80% оор абалдагы бейтаптар.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 25-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан жана пневмониядан дагы төрт бейтап каза болду. Алар Нарын, Ош, Чүй жана Баткен облустарында. Ушуну менен COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны 1134гө жетти. Акыркы суткада 606 адамдан вирус жаңыдан табылды. Мурда ооругандардын 279у айыкты.

Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 55 750 адамды түздү. Алардын арасынан 47 616 бейтап айыкты.

Коронавирус: Жалал-Абадда кычкылтек баллондору тартыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:29 0:00

XS
SM
MD
LG