Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Министрдин «USAID муздаткыч алып берет» дегени туура эмес болуп чыкты


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) «Pfizer/BioNTech» вакцинасын сакташ үчүн Кыргызстанга муздаткыч алып берүүнү сунуш кылган эмес. Аталган уюм муздаткыч алып берери тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев парламентте жаңылыш айткан. Бул тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Элвира Сурабалдиева 22-январда «Твиттерге» жазды.

«Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы министрдин парламентте ойлонбой сүйлөгөн сөздөрү үчүн кечирим сурайт. Белгилүү болгондой, USAID муздаткыч алып берүүнү сунуш кылган эмес. Саламаттык сактоо министри жаңылыптыр», деди Сурабалдиева.

21-январда Жогорку Кеңеште өкмөт өкүлдөрү катышкан жыйында коронавируска байланыштуу жагдай талкууланган. Алымкадыр Бейшеналиев USAID «Pfizer/BioNTech» вакцинасын сакташ үчүн Кыргызстанга муздаткыч алып берерин билдирген. Ал учурда парламентти Бейшеналиевдин жанында Сурабалдиева да отурган. Ал министрдин милдетин аткаруучу ката сүйлөп алганы кийин маалым болгонун белгиледи.

22-январда АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) Бишкектеги өкүлчүлүгү да төмөнкүдөй маалымат таратты:

«АКШ буга чейин Кыргызстанда COVID менен күрөшүүгө USAID аркылуу, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) аркылуу жана Мамлекеттик департамент аркылуу 5 миллион доллардан ашуун каражат берди. Биз COVID-19 менен күрөшүүнүн башында турган кайраттуу дарыгерлерди жана медайымдарды колдоо үчүн кыргыз өкмөтү менен кызматташа беребиз. Ошондой эле вирустун таасирин минималдаштырууга жардам бериш үчүн Саламаттык сактоо министрлиги менен иштешүүнү улантабыз».

Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси жаңылыштык кетиргенин мекеменин басма сөз кызматы ушул эле күнү бышыктап, муздаткыч маселеси боюнча башка бир эл аралык уюм менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.

Глобалдык COVAX альянсынын алкагында коронавируска каршы күрөш үчүн «Pfizer/BioNTech» вакцинасы Кыргызстанга акысыз сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок экенин билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG