Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:32

Мамэкотехинспекция Бишкекте сатылган көмүрдүн радиациясын текшерди


Көмүрдүн сапатын текшерип жаткан кызматкер. 2021-жыл, 22-январь.
Көмүрдүн сапатын текшерип жаткан кызматкер. 2021-жыл, 22-январь.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция (Мамэкотехинспекция) Бишкек жана Чүй облусундагы алты базада сатылып жаткан көмүрдүн сапатын текшерип, бардык талапка жооп берет деген жыйынтык чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, көмүрдүн экологиялык стандарттарына шайкештиги жана радиациясы атайын аппарат менен текшерилди. Алар сапаты Кыргызстандын Радиациялык коопсуздук боюнча техникалык регламентинде көрсөтүлгөн нормадан ашык болбогону аныкталды. Текшерилген базалардын көбүндө Кара-Кеченин көмүрү болгон.

Буга чейин Бишкек мэриясынын жетекчилиги конуштардагы жана Жылуулук электр борборунда жагылган Кара-Кеченин көмүрүн калааны каптаган кара түтүнгө себеп болуп жатканын билдирген. Кыргызстан жылына 2,5 млн. тоннадай көмүр керектесе, анын теңинен көбүн Жумгалдагы Кара-Кечеден казып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG