Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Парламенттин басма сөз кызматы Түлөбаевге жооп берди


Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин комитет жыйынына келбей койгону боюнча жооп кайтарды. Буга чейин Түлөбаев комитет жыйынына келбей койгонун сындаган депутаттарга «мыйзамды окушсун» деп жооп берген болчу.

Басма сөз кызматы парламент аппаратынын юридикалык жана тармактык комитеттеринин маалыматына таянып, мыйзам боюнча мэриянын жетекчилиги парламентке отчёт берүүгө милдеттүү болбогону менен жогорку бийлик бутагы болуп саналган Жогорку Кеңеш мыйзамдардын аткарылышы боюнча комитеттерге чакырууга, зарыл болгон маалыматтарды мэриядан талап кылууга акысы бар экенин билдирет. Ошондой эле маалыматта кызмат адамдарын жумуштан алууга сунуш берүүгө укуктуу экени айтылат.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жана анын орун басарлары бир нече жолу тармактык комитеттин отурумунун чакыруусун тоготпой койгонун белгилейт.

Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш комитетиндеги айрым депутаттар Бишкек мэриясынын жетекчилигинин 19-январдагы жыйынга келбей койгонун кескин сынга алышкан. Мэр баш болгон айрым жетекчилерди кызматтан алуу жөнүндө президентке сунуш киргизүү боюнча демилге көтөрүшкөн. Алардын бири Рыскелди Момбеков мэриядан жооптуу кызматкерлер шаардагы курулуш маселелери талкууланган жыйынга келбей койгонуна нааразы болуп, курулуш тармагында коррупция тамыр жайганын белгилеген.

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 24.kg сайтына депутаттардын сын-пикирине комментарий берип, депутаттарды "мыйзамдарды окууга" чакырган. (TSh)

XS
SM
MD
LG