Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Чет өлкөлүк жарандын сабалышы боюнча териштирүү башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тоо чаңгы базаларынын биринде чет элдик жарандын сабалышы боюнча териштирүү башталганын кабарлады. 17-январда милицияга маалымат түшүп, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин тобу окуя болгон жерге барган. Ал жерден 21 жаштагы башка өлкөнүн жараны бейтааныш кишилерден токмок жегенин айтып, чара көрүүнү суранган.

Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде 119-берене («Майда бейбаштык») менен катталды. Милициянын маалыматына ылайык, жаңжалдын катышуучу деп сөз болгондордун бири аныкталып, чет элдик жаран алардын буюмдарына тийгендиги үчүн чыр чыкканын айтып берген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Социалдык тармактарда тараган видеодо токмок жеп жаткан жаран пакистандык экени жазылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG