Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Үч депутат Конституцияны өзгөртүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Бактыбек Турусбеков жана Үмбеталы Кыдыралиев Баш мыйзамды өзгөртүш үчүн референдум дайындоонун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылышты. Анда бардык фракциялардын жана тармактык комитеттеринин оң корутундулары болгон учурда Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун бир эле мезгилде экинчи, үчүнчү окууда же үч окууда кабыл алууга укуктуу болот.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде «бул мыйзам долбоорлору Конституциянын жоболорунан келип чыккандыгын жана дээрлик өзгөрбөй турганын эске алуу менен коомдук талкуу жол-жобосун жүргүзүү зарылдыгы жок» деп жазылат.

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө») мыйзам долбоору 20-январда коомдук талкууга коюлду.

19-январда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2021-жылдын 10-январында Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча өткөн референдумдун (бүткүл элдик добуш берүү) расмий жыйынтыгынын протоколун бекиткен. Анда 1 млн. 136 миң 155 шайлоочу (81,49%) «президенттик республика» башкаруу системасына добуш берген. «Парламенттик республика» вариантын колдогондордун саны – 152 081 (10,91%) болду. «Баарына каршы» 62 265 (4,47%) жаран добуш берди.

Жалпы добуш берүү үчүн 3 млн. 563 миң 574 жаран катталып, 10-январда 1 млн. 395 миң 513 киши шайлоого келди. Бул шайлоочулардын 39,16% түзөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG