Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Кыргызстанда азык-түлүк 17% кымбаттады


Улуттук статистика комитети тараткан сүрөт.
Улуттук статистика комитети тараткан сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде 2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу күнүмдүк керектүү азык-түлүк 17,6% кымбаттады.

Негизги азыктардын санасак, 2019-жылы декабрь айында - күн карама майынын литри 95 сом, картөшкө 20 сом, кой эти 308 сом, кумшекер 42 сом, уй эти 346 сом, биринчи сорттогу ундун килограммы 34 сом болгон.

Ал эми 2020-жылы декабрь айында - күн карама майынын литри 146 сом, картөшкө 30 сом, кой эти 412 сом, кумшекер 54 сом, уй эти 436 сом, биринчи сорттогу ундун килограммы 39 сомду түздү.

Коронавирус пандемиясынын айынан кыргызстандыктар кыйла кирешесинен ажырады. Расмий маалыматтарга караганда, 2020- жылдын биринчи жарым жылдыгында калктын реалдуу кирешеси 7,7% азайган. Буга товарлардын кымбатташы да, элдин номиналдык кирешеси кемигени да себеп болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG