Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:03

Страсбург соту 2008-жылдагы орус-грузин согушу боюнча чечим кабыл алды


Страсбургдагы Европадагы адам укуктары боюнча сот.
Страсбургдагы Европадагы адам укуктары боюнча сот.

2008-жылдын августундагы Грузия менен согуштан соң Орусия туткундарды кыйноо жана тургундардын өз үйлөрүнө кайтышына жолтоо болуу сыяктуу адам укуктарын бузуу фактыларына жол берген.

Мындай бүтүмдү Страсбургдагы Европадагы адам укуктары боюнча сот 21-январда кабыл алды. Анда сот орус аскерлери туткунга түшкөн 160тай грузиялык жайкын тургунду кыйноого салып, адамдык абийирине шек келтиргени айтылат.

Сот Грузиянын көптөгөн жарандары согуштан соң өз аймагына келе албай калганы үчүн Орусияны айыптуу деп таап, «адекваттуу жана натыйжалуу иликтөө» жүргүзүүгө милдеттендирди.

Европадагы адам укуктары боюнча сот согуштук аракет күчөп турган учурдагы окуялар Орусиянын юрисдикциясында эмес деп, Грузиянын бул багыттагы арызын канааттандырган жок.

Орусияга каршы арыз менен сотко Грузия кайрылган. Анда согуш учурунда жана согуштан кийин орус аскерлери адам укуктары боюнча Европа конвенциясын бузганына даттанган.

Орусия болсо мындай аракетке өз мекендештерин коргоо үчүн барганын айтып түшүндүрүп келет.

2008-жылы августтун жетисинен сегизине караган түнү грузин күчтөрү жикчил Түштүк Осетиянын Цинхвали шаарын жана анын айланасын замбирек менен аткылаган.

Беш күндүк согуштун арты грузиндер өзүнүн жикчил аймактары катары санаган Түштүк Осетияны жана Абхазияны Орусиянын көз карандысыз өлкө катары таанышына алып барган. Орусия андан бери Түштүк Осетияда, Абхазияда өз аскерлерин кармайт. Беш күндүк согуш ондогон адамдардын өмүрүн алып, миңдеген кишилер баш калкасыз калган.

XS
SM
MD
LG