Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:52

Соңку бир суткада дагы 118 кишиге коронавирус жугуп, эки адам көз жумду


22-январга карата Кыргызстанда дагы 118 кишиге коронавирус жугуп, Ысык-Көлдө бир, Чүйдө бир бейтап көз жумду.

Ооруга чалдыккандар кийинки күндөрү кайра көбөйө баштады.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 83703 киши болду. Жалпы ооругандардын 79 664и сакайды. Соңку бир күндө 155 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1396 кишиге жетти.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 аныкталган бейтаптардын аймактык көрсөткүчү:

  • Бишкек шаарында – 47;
  • Чүй облусунда - 23;
  • Ысык-Көл облусунда – 14;
  • Ош облусунда - 10;
  • Нарын облусунда - 10;
  • Жалал-Абад облусунда - 8;
  • Талас облусунда - 4;
  • Ош шаарында - 2 киши.
  • Баткен облусунда бул суткада оору катталган жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын «Telegram» каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 697 бейтаптын 33үнүн абалы өтө оор, 219у оор, 442си орто оор абалда жатат, калгандарынын абалы канааттандырарлык.

Андан тышкары, 1017 бейтап амбулатордук шартта дарыланууда.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 22-январда 97 миллион 475 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 2 миллион 88 миңден көп, ал эми сакайгандар 53 миллион 694 миңден ашат. (SE)

XS
SM
MD
LG