Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:33

АКШда үч демократ-сенатор кызматка киришти


Рафаэл Уорнок жана Жон Оссофф.
Рафаэл Уорнок жана Жон Оссофф.

АКШда үч демократ-сенатор 20-январда ант берип, кызматка киришти. Бул аркылуу Демократиялык партиянын мүчөлөрү Конгресстин жогорку палатасын көзөмөлгө алышат. Жоржия штатында 5-январда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгында утуп чыккан Рафаэл Уорнок жана Жон Оссофф жана Калифорния штатынан губернатор тарабынан тандалган Алекс Падилья кызматка киришти.

Падилья Камала Харристин ордуна Калифорния штатынан сенатор болуп калды. Ал - Калифорния штатынын тарыхындагы теги мексикалык жана испан тилдүү болгон алгачкы сенатор.

АКШ Сенатынын орундары болсо ушундан тартып республикачылар менен демократтарга теңме-тең (50:50) бөлүнүп калмакчы. Бирок кызмат абалы боюнча Сенаттын да төрайымы болгон вице-президент Харристин добушу менен демократтар Сенатты көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алат.

Буга чейин демократтар Өкүлдөр Палатасында көпчүлүктү түзүшкөн.

Конгресстин эки палатасынын демократтардын көзөмөлүндө болушу жаңыдан кызматка киришкен Жо Байдендин администарциясында өз чечимдерин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

XS
SM
MD
LG