Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Клара Сооронкулова БШКга каршы сотко кайрылды


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон юрист Клара Сооронкулова Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы Бишкек административдик сотуна арыз жазды.

Ал БШКнын «Кыргыз Республикасынын президентин кезексиз шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө» токтомун мыйзамсыз деп табууну суранганын «Азаттыкка» билдирди.

Сооронкулованын айтымында, Садыр Жапаровдун соттуулугу болгондуктан, БШК аны өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматка талапкер катары каттабашы керек болчу. Ал Жапаровго карата Жогорку соттун чечими бар экенин, ал кайра кароого жатпай турганын белгиледи.

Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2017-жылы камалган. 2018-жылы июнь айында ал 11 жыл, алты айга кесилген. 2019-жылы Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, 10 жылын калтырган.

2020-жылы октябрда парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктын шартында түрмөдөн чыккан Садыр Жапаров премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеди. Кийин кызматын убактылуу тапшырып, 10-январга белгиленген президенттик шайлоодо талапкер болду.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Садыр Жапаровдун акталганын 20-октбярда кабарлаган.

17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаров шайлоого катышкан элдин 80% жакын добушун алып, анын жеңгенин БШК 21-январда расмий жарыялаган.

Шайлоонун эртеси Бишкекте Жапаров шайлоого өзү менен кошо ат салышкан атаандаштарынын саясий салмагын, кадыр-баркын, тажрыйбасын жогору баалай турганын айтып, аларды кызматташууга чакырган. Ошондой эле ал сөз эркиндигин коргоого убада берген. (SE)

XS
SM
MD
LG