Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Бөрүбашев: Баш мыйзамдын долбоору орус тилине которулууда


Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун биринчи вариантын талкуулоо уланууда. Азыр акыркы баскычта талкуу жүрүп жатат.

Бул тууралуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев 22-январда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, учурда кыргыз тилинде жазылган долбоор орусчага которулуп жатат. Аны сөзмө-сөз, маанисин шайкеш келтирүү менен которуу үчүн убакыт керек.

«Долбоор иштелип бүтөрү менен парламентке жиберилет. Датасын азыр так айта албайбыз», - деди Бөрүбашев.

Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын былтыр 11-декабрда кабарлаган.

Кеңешме долбоордун акыркы варианты иштелип чыккандан соң Жогорку Кеңешке жиберүүгө тийиш. Андан кийин парламент аны референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү мүмкүн.

Негизи, Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 2020-жылы 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башта ал долбоорду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо референдумга коюу сунушталган. Коомчулуктун көптөгөн сын-пикирлеринен кийин, референдумга мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү маселеси гана киргизилген.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум быйыл апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өткөрүлүшү ыктымал экенин билдирген.

2020-жылдын 12-апрелине белгиленген Ош, Токмок, Балыкчы, Каракол, Майлуу-Суу шаардык жана бир катар жергиликтүү кеңештерге шайлоо коронавирус пандемиясына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылып калган эле.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындалып, аны менен кошо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 10-январда өттү.

БШКнын расмий жыйынтыгына караганда, референдумда добуш бергендердин 81% президенттик башкаруу формасын колдоду. (NT)

XS
SM
MD
LG