Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Сүйүнбек Касмамбетов: Инаугурацияга чет мамлекеттен коноктор чакырылбайт


Сүйүнбек Касмамбетов, президенттик аппараттын жетекчиси, инаугурацияны уюштуруу комитетинин башчысы.
Сүйүнбек Касмамбетов, президенттик аппараттын жетекчиси, инаугурацияны уюштуруу комитетинин башчысы.

Кыргызстанда 10-январдагы президенттик шайлоодо утуп чыккан Садыр Жапаровдун инаугурациясына чет мамлекеттен коноктор, президенттер чакырылган жок. Ант берүү аземи ички мамлекеттик иш-чара деп саналгандыктан, ага чакырылгандардын 70% кыргызстандыктар түзөт.

Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчиси, инаугурацияны уюштуруу комитетинин башчысы Сүйүнбек Касмамбетов журналисттерге 21-январда журналисттерге жолукканда билдирди:

«Биз чет мамлекеттен эч кимди чакырган жокпуз. Бир гана ыраазычылык жана чакыруу иретинде Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевге кат жөнөттүк. Ал киши келер-келбеси белгисиз. Башка бир да мамлекеттин президенттери чакырылган жок. Иш-чараны өзүбүз өткөрөбүз».

Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында, инаугурацияга негизинен Кыргызстандын шайлоодо активдүү болгон жарандары чакырылды.

Алардан тышкары өкмөттүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК), Конституциялык палатанын, Кыргызстандагы чет элдик дипломатиялык миссияларынын, эл аралык уюмдардын, саясий партиялардын, интеллигенция жана маданият тармагынын өкүлдөрү, мурдагы өкмөт башчылары, экс-президенттер, президенттик шайлоодо ат салышкан талапкерлер да бар.

Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 11:00дө башталат.

21-январда президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча 15 кишиден турган уюштуруу тобу түзүлгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январда жарыялаган добуш берүүнүн расмий жыйынтыгына ылайык, шайлоого келген элдин 79,20% добушун алган Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болуп шайланды.

Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% гана катышты.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга дайындалып, аны менен кошо башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдум өттү.

БШКнын расмий жыйынтыгы боюнча референдумга келген элдин 81% президенттик башкаруу ыкмасын колдоду. (NT)

XS
SM
MD
LG