Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Жо Байден АКШнын ДССУдан чыгышын четке каккан жарлыкка кол койду


Жо Байден Ак үйдө.
Жо Байден Ак үйдө.

АКШнын президенти Жо Байден кызматка киришкен биринчи күнү өз өлкөсүнүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан (ДССУ) чыгышы боюнча мурдагы президент Дональд Трамптын чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу жарлыкка Байден 20-январда ант берип кызматка киришкенден бир нече саат өткөн соң кол койду.

Дональд Трамп 2020-жылдын июль айында ДССУнун коронавирус пандемиясы менен күрөшүн сынга алып, АКШ эл аралык уюмдан чыгарын жарыялаган. Анда Трамп баш кеңсеси Женевада жайгашкан бул уюмду «Кытай менен сүйлөшүп алып, пандемия башталган учурда маалыматтарды жашырган» деп айыптаган.

Кошмо Штаттардын ДССУдан чыгышы коронавируска каршы күрөштүн жүрүшүн басаңдатуу коркунучун жараткан. Анткени Кошмо Штаттар бул уюмдун эң ири финансылык донору болуп саналат.

Жо Байдендин администрациясы ДССУ жүргүзүп жаткан COVAX программасынына кошулууну көздөп жатат. Бул программа жакыр өлкөлөрдү коронавируска каршы вакцина менен камсыз кылуу максатын көздөйт.

XS
SM
MD
LG