Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Ноябрда «Орто-Сай» базарын өрттөдү деп шек саналган адам кармалды


Шектүүнүн сүрөтү.
Шектүүнүн сүрөтү.

Бишкек шаарынын ички иштер бөлүмү 9-ноябрда «Орто-Сай» базарына атайылап өрт койду деп шек саналган 42 жаштагы жаранды кармады.

Шектүүгө карата Жазык кодексинин 210-беренеси («Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү») боюнча сотко чейинки тергөө башталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Улан Жумаков маалымат берди:

«2020-жылдын 9-ноябрында «Орто-Сай» базарында түнкүсүн 00:25 чамасында өрт башталган. Бул окуя базардагы эки кабаттуу тигүү цехинде башталып, тез тамактануучу жайды, бир нече дүкөндөрдү каптаган. Өрттүн себебин аныкташ үчүн атайын соттук-техникалык экспертиза башталган».

Баш калаа Бишкектеги базарларда акыркы жылдары бир нече ири өрт чыккан.

Алар «Ош» жана «Орто-Сай» базарларында болуп, ишкерлер зыян тарткан. (BCh)

XS
SM
MD
LG