Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

Камалып чыккандардын акталуу аракети


Карганбек Самаков жана Нариман Түлеев. Коллаж.
Карганбек Самаков жана Нариман Түлеев. Коллаж.

Жогорку сот коррупция менен камалып чыккан парламенттин мурдагы депутаттары Нариман Түлеев менен Карганбек Самаковго тагылган сот чечимдерин жокко чыгарды.

Акталууга аракет кылган экс-мэр

9-февралда Жогорку сот 11 жылга соттолуп, жазасын өтөп чыккан Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин жактоочуларынын арызын канааттандырып, буга чейинки инстанциялардын чечимдерин жокко чыгарды. Ишти кайра кароо үчүн Бишкектин Ленин райондук сотуна жөнөттү.

Түлеев соттолгон учурда анын бир нече мүлкү конфискацияланган. Учурда ал соттон акталып чыгууга жана мамлекетке өткөрүлгөн мүлкүн кайтарып алууга аракет кыларын билдирди.

Нариман Түлеев.
Нариман Түлеев.

«Эгерде соттон күнөөсү жок деп чыгарылса, бардык мүлк мага кайтарылат. Күнөөсү бар десе мамлекетке калат. Меники саясий иш болгон. Мен мэрияга 2008-жылдан 2010-жылга чейин болгом. Ал эми алар 1995-жылдагы мүлктү алып жатат. Анын кандай тиешеси бар?».

Бишкек мэри болуп турган учурда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып алууда мыйзам бузуп, мамлекетке миллиондогон зыян келтирген деп 2013-жылы 11 жылга соттолгон Нариман Түлеев 2016-жылы тагылган айып боюнча 61 млн. сом чыгашаны төлөп жана мөөнөтүн кыскартуу боюнча мунапыс менен бошотулган.

Жер ишине айыпталган экс-депутат

Ал эми Чүйдөгү гектарлаган жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун иши да Октябрь райондук сотунда кайра каралмай болду.

Карганбек Самаков.
Карганбек Самаков.

Анткени Жогорку сот Самаковго карата да буга чейинки чыккан сот чечимдерин жокко чыгарды. Самаков 2019-жылы мунапыс жана тергөө абагында өткөргөн күндөрүн эсепке алуу менен жаза абагынан бошотулган болчу.

2017-жылы мурдагы депутатты «Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган» деп айыптоонун негизинде 10 жыл эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Самаковдун баласы Аман Самаковдун айтымында, атасынын мүлкү мамлекетке өткөрүлгөн эмес, бирок камакка коюлган.

Саясатчылар акталса, мамлекетке өткөн мүлк кайтарылат

Мүлк демекчи, алгач соттолгондордун мүлкүнө байланыштуу маселеге токтолсок. Маселен, Түлеевге таандык делген Бишкектеги “Караван”, "Sapat Center" бизнес-борбору жана бир нече батир мамлекетке алынган.

Эми эгерде сот Түлеевди актоо чечимин чыгарса мамлекетке алынган мүлк маселеси кандай болот? Экс-депутат, юрист Исхак Масалиевдин пикирин угалы.

«Эгерде адамды сот актаса, өкүмдөгү бардык чектөөлөр алынат жана мүлкү берилет. Мүлктүн тагдырын сот чечет. Бирок, аукцион менен ал мүлктү сатып алгандардын маселеси кандай болот? Мамлекеттик бюджеттен кайтарабы - муну сот чечет. Бирок, азыр кайра тергөө болобу, жокпу билбейм. Бул саясий чечимге окшоп баратат», - деди Масалиев.

Саясий куугунтук болгонбу?

Бири миллиондогон чыгым, экинчиси гектарлаган жер иши менен 10 жылдан соттолгон саясатчылар камакка алынганын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саясий куугунтугу катары баалап жатышат.

Карганбек Самаковдун баласы Аман Самаков Атамбаевдин тушунда атасына саясий куугунтук жана акча өндүрүүгө аракет кылуу болгонун айтууда.

«Трансформацияны өкмөттөгү адамдарды бардык мыйзамдын талабы менен кылышкан. Жетимиштей күбөнүн көрсөтмөсүн эске алышкан жок. Биз актоо чечимин же жеңил жаза болот го деп күткөнбүз. Көрсө, эки максат көздөлгөн экен. Бири атамды саясаттан четтетүү, экинчиси атамдан шоопур каймана аты бар киши акча талап кылган», - деди Аман Самаков.

Парламенттин депутаты Ирина Карамушкина Самаков жана Түлеев Атамбаевдин тушунда саясий куугунтукка кабылды дегенге кошулбайт. Эки саясатчынын тең күнөөсү далилденген деп эсептеген депутат Карамушкина учурда жемкорлорду актоо аракети жүрүп жатат деп сындады.

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

«Каяктагы саясий мотив? Түлеев парк зонасындагы жерлерди берүү боюнча документке кол койгон. Автобустар боюнча комиссия иштеп тендерде алардын баасы жогору болгонун аныктаган. Самаков боюнча ал гектарлаган жерлерди жеп алганын билем. Ошол эле маалда жөнөкөй жарандар сотых жерге жетпей жүрөт. Азыркы учурда мамлекетти уурдагандарды мыйзамдаштыруу жүрүп жатканына эл нааразы. Жок дегенде ал адамдар мамлекеттик ишке аралашпай турса мейли. Алар депутаттыкка, мамлекеттик кызматка жулунуп жатышат», - деди Карамушкина.

Мурун камалгандар, кийинки бийликте бошотулуп...

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бийлик алмашкандан кийин мурунку бийлик учурунда камалган саясатчылар кылмыштын оор-жеңилине карабай абактан бошотулуп же акталган учурлар көп эле болгон.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев мындай көрүнүш мамлекеттеги эң негизги деп саналган - сот системасы, коррупция менен күрөшүүгө терс таасирин тийгизүүдө дейт.

Молдалиев Кыргызстанда “Жогорку сот чечими даттанууга жатпайт” принциби саясатчыларга иштебей калганын белгиледи.

«Азыркы шайланган президенттин түрмөдөн чыгып эле соттолгон чечими жоюлбадыбы. Кандай эле бийлик алмашканда соттордун чечими өзгөрө берет? Конституцияда деле “мурунку бийлик камаганды кийинки бийлик бошотсун” деп жазылган эмес. Анда ошол соттор мойнуна алсын, “саясий чечим чыгаргам” деп. Анан аларды сот системасында иштебегендей кылып жумуштан кетириш керек. Болбосо сот системасы талкаланат», - деди Молдалиев.

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Жогорку сотто Бишкек жылуулук электр борбору боюнча соттолгондордун иши жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карала баштады.

«Ысык-Көл инвест банкты» тартып алган деп айыпталып, сыртынан 10 жылга соттолгон президенттин эжеси Райкүл Жапарова боюнча чечимдер жокко чыгып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы ишти кайра тергеп жатат.

Ал эми Атамбаевдин тушунда коррупцияга айыпталып камалган депутат Өмүрбек Текебаев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда абактан чыгып, райондук сотто эки жылдан бери кайра каралууда.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG