Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Акаевдин тушунда байыган Жумалиев камалды


Кубанычбек Жумалиев
Кубанычбек Жумалиев

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты, академик Кубанычбек Жумалиевди 4-апрелге чейин камакта калтырды.

Аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 4-февралда кармап, ошол эле күнү сотто бөгөт чарасы аныкталды. Жактоочулары муну шашылыш чыгарылган чечим катары баалап, шектүүнүн жашы жана саламаттыгы эске алынбаганын сындашууда.

Кармоо жана эки айлык камак

Атайын кызмат академик Жумалиевге Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен кылмыш ишин козгоду.

Расмий маалыматка ылайык, анын менчиги саналган Эл аралык медициналык университеттин ишмердигине лицензия берүүдө депутат менен Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги катышкан туруктуу коррупциялык схема аныкталган. Бирок министрликтеги кайсы жетекчи тууралуу кеп болуп жатканы айтылган эмес.

Мындан тышкары, Жумалиевге байланыштуу адамдар кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырганы, салык төлөөдөн баш тартып, мыйзамсыз байыган фактылар аныкталганы белгиленген.

УКМКнын басма сөз кызматы 78ге жакын кыймылсыз мүлк объектиси табылганын кошумчалады. Мурда Жумалиев менчиктештирип, кийин анын туугандарына жана байланышы бар адамдарга өтүп кеткен «Таатан», «Гоин» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кендер, темир жана болот заводу, телерадиокомпания аныкталган.

2020-жылдын 4-ноябрында Финансы полициясы да «Таатан», «Гоин» соода борборлорунда жана Жумалиевге таандык экени айтылган менчик жогорку окуу жайында тинтүү жүргүзгөн.

Жумалиев кармалган күнү жактоочусу Майрамбек Шербакунов журналисттерге кыскача интервью берип, коррупцияга шек саналганы менен аны далилдеген зыяндар тууралуу фактылар сотто көрсөтүлбөгөнүн билдирди. Ошондой эле депутаттын жаш курагы эске алынбай, саламаттыгы начар экенине карабай камап салуу туура эместигин кошумчалаган.

«Үчүнчү баскычтагы жүрөк оорусу бары тууралуу маалымдама бар. 8-февралда операция менен клапан коюлмак. Эгер саламаттыгы начарлап кетсе, баары судьянын абийиринде болот».

Жумалиев мүчө болгон «Бир Бол» партиясы же Жогорку Кеңештеги аталган партиядан шайланган депутаттардын фракциясы анын кармалышына байланыштуу билдирүү жасай элек.

Партиялашы, депутат Акылбек Жапаровдун пикирин сурадык:

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

«Соттун чечимин күтүшүбүз керек. Күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп мүнөздөмө берүү үчүн материалдар менен таанышуу зарыл. Ага чейин пикир айтканга болбойт. Финполдун чоңу менен соттошуп, бир жолу соттон утуп алганын уккам. Ал тууралуу да толук маалыматым жок».

Жумалиевдин менчик университетинде негизинен индиялык, пакистандык студенттер билим алат. 2018-жылы окуу жайдагы билимдин сапатына байланыштуу талкуу күчөп, кийин басылып калган. 2020-жылы Пакистан аталган университеттин билимине канааттанбай, "кара тизмеге" киргизген.

Менчикке байланыштуу талаш жагдай


УКМК Жумалиевге таандык экени айтылган 78 мүлктүн тизмеси же чоо-жайы тууралуу толук маалымат бере элек.

Коррупцияга каршы күрөш жаатындагы эксперт Эркайым Мамбеталиева Жумалиевдин жагдайы талаштуу болуп турганын айтты:

Эркайым Мамбеталиева
Эркайым Мамбеталиева

«Макул, "Коррупция" беренеси менен иш козгошуптур. Мен аны талкуулабай эле коёюн, териштирүүнүн жыйынтыгында көрөбүз. Бирок бул жерде "менчиктештирүү" иштерине да шектүү болуп жатышы талаштуу жагдай. Эгер чиновниктерди ушуга байлап, кылмыш жоопкерчилигине тарта турган болсо, азыркы аткаминерлердин 80 пайызы мүлктөрдү мыйзамсыз менчиктештиргени үчүн темир тор артына түшүшү мүмкүн».

Кубанычбек Жумалиев Аскар Акаев президент болуп турганда губернатор, министр ж.б. жогорку кызматтарды ээлеп, премьер-министрликке чейин жеткен. Менчиктештирген мүлктөрүнүн көбүнө Акаевдин тушунда ээ болгону айтылат.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова жемкорлукту териштирүүнүн мөөнөтү жоктугун, качан болсо да кылмыш ишин козгоп, иликтесе болорун айтты. Бирок менчик мүлктөр маселеси алгач такталууга тийиш экенин билдирди:

Нурипа Муканова
Нурипа Муканова

«Акаевдин тушунда Мамлекеттик саясат катары ишке ашырылган өнөктүктүн алкагында Жумалиев менчиктештирген мүлктөргө байланыштуу да териштирүү жүрүп жатса, бул прецедент болуп калат. Анткени, ал кезде менчиктештирүү жараяны атайын ишке ашырылган. Андай болсо, ошол учурда ким кандай мүлктү менчикке алганын терең изилдеш керек».

Экономист Эркин Абдразаков эгемендиктин алгачкы он жылындагы менчиктештирүү өнөктүгүндө бийликте отурган аткаминерлер кызматынан пайдаланып, мамлекетке кала турган мүлктөрдү ээлеп алганын белгиледи.

Анын пикиринде, бул үчүн алар эртеби-кечпи жооп бериши керек:

Эркин Абдразаков
Эркин Абдразаков

«Мурдагы приоритеттүү завод-фабрикаларды талкалашып, айрымдарын университет кылып салганы мени таң калтырат. Бирок мындай күрөш саналуу адамдарга эмес, ошол кезде кызматынан пайдаланып көп мүлккө ээ болгондордун баарына каршы жүргүзүлүшү кажет».

Жумалиев 2005-жылы туңгуч президент Аскар Акаев бийликтен куулгандан кийин Улуттук Илимдер Академиясында, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде иштеп, 2015-жылы парламентке депутат болуп келген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 3-февралда парламентте жаңы өкмөттүн курамы бекитилген жыйында сүйлөп жатып коррупцияга байланыштуу шек саналгандардын иши мөөнөтүнө карабастан караларын, айыптуулар жазага тартыларын билдирген.

Буга чейинки териштирүү

Жумалиев камалардан бир апта мурда - 29-январда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат ага жана анын жакындарына карата сотко чейинки териштирүү башталганын кабарлаган. Буга Финансы полициясына германиялык инвестордун ири суммадагы акчага байланыштуу алдамчылык фактысы тууралуу арызы келип түшкөнү себеп болгон.

Арызда депутат менен анын туугандары чет элдик инвестордун ишенимине кирип 1 миллион АКШ долларына бааланган жабдууну алып, 200 миң долларын эле төлөп берип, калган 800 миң долларды бербей койгону жазылган. Финполиция Жумалиевдерге таандык кеңселерди, жогорку окуу жайын жана фирмаларды тинтүүгө алган.

Финполициянын азыркы башчысы, прокуратуранын мурдагы кызматкери Сыймык Жапыкеев 2020-жылдын май айында бир канча аткаминердин, анын ичинде Кубанычбек Жумалиевдин байлыгы тууралуу видео кайрылуу жасаган.

Ал депутаттын күмөндүү жол менен тапкан байлыгы 2,5 миллиард долларга жетерин айтып чыккан. Жапыкеев Жумалиевдин жана башка кишилердин байлыктарынын мыйзамдуулугун текшерип чыгууга чакырган. Кубанычбек Жумалиев өз дарегине айтылгандарды куру доомат деп, Жапыкеевди сотко берген.

XS
SM
MD
LG