Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Кубанычбек Жумалиев адвокат Канат Хасановго каршы арыз жазды


Кубанычбек Жумалиев.
Кубанычбек Жумалиев.

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев өзүн «Чоң казат» деп атаган кыймылдын өкүлү, адвокат Канат Хасановго каршы арыз менен Ички иштер министрлигине кайрылды. Жумалиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев «Азаттыкка» билдиргендей, ички иштер министрине жазылган арызда ал Канат Хасановду жоопко тартууну өтүнгөн.

«Канат Хасанов 26-майда «Жумалиев Бишкектин Ленин райондук сотуна 100 мин доллар пара сунуш кылган» деген маалымат айткан. Муну менен депутатты далили жок айыптап чыккан. Депутат анын айткандарын жалган деп эсептейт. Ошого байланыштуу өз кадыр-баркын коргоону өтүнүп арыз жазды», - деди ал.

28-майда Канат Хасанов Ички иштер министрлигине «Чоң казат» кыймылынын иши тууралуу күбө катары сурак берип чыкканын, ушул эле күнү кайрадан суракка чакырылганын кабарлаган.

Буга чейин прокуратуранын мурдагы кызматкери деген Сыймык Жапыкеевдин бир канча аткаминердин, анын ичинде Кубанычбек Жумалиевдин байлыгы тууралуу видео кайрылуусу коомчулукта катуу талкууга түшкөн. Ал депутаттын күмөндүү жол менен тапкан байлыгы 2,5 миллиард долларга жетерин айтып чыккан. Жумалиевдин жана башка кишилердин байлыктарынын мыйзамдуулугун текшерип чыгууга чакырган.

Кубанычбек Жумалиев өз дарегине айтылгандарды четке кагып, Жапыкеевди сотко берип, он миллион сом өндүрүп берүүнү суранган. Ал доо арыз сотто карала баштады.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) депутатка карата сотко чейинки териштирүү иштерин баштаган. Жумалиевге жана анын жакындарына таандык көп сандаган мүлк аныкталганын билдирген.

Ички иштер министрлиги «Чоң казат» кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеевдин Интернеттеги билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын да маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG