Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Финпол: Жумалиевдин өзүнүн жана жакындарынын көптөгөн мүлкү аныкталды


Кубанычбек Жумалиев.
Кубанычбек Жумалиев.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге жана анын жакындарына таандык мүлк аныкталганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы 26-майда кабарлаганына караганда, Жумалиевдин мүлкү боюнча Башкы прокуратура каттаган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк табылды:

«Аларда Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана ал түзүүчү, жетекчи болуп саналат экен. Ошондой эле Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталды. Сотко чейинки териштирүү уланып жатат».

Финполдун басма сөз кызматы жогоруда аталган мүлктүн тизмеси тергөөчүлөрдө экенин, азырынча ал ачыкка чыгарыла элек экенин кошумчалады.

Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатат.

Мындан тышкары Ички иштер министрлиги «Чоң казат» кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеевдин Жумалиев тууралуу Интернеттеги билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын 26-майда кабарлады.

Бишкектин Ленин райондук сотунда Жумалиевдин «ар-намыска шек келтирүү» деген негизде Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү талап кылган арызы каралып жатат.

Жумалиев «мамлекеттик кызматта иштеп турган учурда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам» деп билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG