Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:49

Абактан саясатка кетчү жол бөгөлөбү?


Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков, Бектур Асанов. "Азаттыктын" коллажы.
Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков, Бектур Асанов. "Азаттыктын" коллажы.

Кыргызстанда президенттикке жана депутаттыкка талапкерлерге карата кошумча талаптарды киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Анда соттуулугу жоюлганына карабай оор кылмыш үчүн соттолгон адамдардын шайланышына чек коюлганы турат. Муну айрымдар буга чейин камалып чыккан саясатчыларды четтетүү аракети катары баалап жатышат.

Азырынча долбоор...

Жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү карайт. Тагыраагы анын бир нече беренесиндеги талаптар күчөтүлүшү мүмкүн.

Долбоордун автору, депутат Кенжебек Бокоев өз демилгесин мындайча чечмеледи:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Бүгүнкү мыйзамдарга ылайык бир жыл соттолсоң укук коргоо органдарынын алты мекемесине жумушка орношо албайсың. Бирок он жыл соттолсоң да эгер соттуулугуң жоюлуп же алынып ташталса, президент же парламенттин депутаты боло аласың. Рецидивист болсо да депутат болуп шайлана берет, ошол эле кезде жөнөкөй милиция кызматкери болуп иштей албайт. Мен ушул акыйкатсыздыктан улам ушундай демилге көтөрдүм. Эгер адамдар оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен, башкача айтканда «беш жылдан жогорку мөөнөткө соттолсо, абактан чыккандан кийин соттуулугу жоюлганына же алынып ташталганына карабастан президенттикке жана депутаттыкка өмүр бою талапкер боло албайт» деген өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылып жатам. Анткени беш жылдан ашык түрмөдө отурган киши криминалга аралашып калат. Буга кошумча катары биз жогорку билими жоктордун да президенттикке жана депутаттыкка талапкер катары катталышын чектөөнү сунуш кылып жатабыз.

Бокоев сунуш кылган бул мыйзам долбоорунун концепциясын Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети биринчи окууда жактырды. Автор документ келерки апталарда жалпы палатага чыгарыларын жана эң кеч дегенде жаз айларында кабыл алынышы мүмкүн экенин айтууда.

Эл өкүлүнүн мыйзам долбоорунда каралып жаткан маселелерди Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) да колдоп жатат.

Бирок БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов өз мекемесинин позициясы тууралуу тактоо киргизди:

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

- Мыйзам долбоорун иштеп чыгуучу жумушчу топто бул маселе талкууланып, аны биз керек болсо деталдаштырып чыкканбыз. Бокоевдин мыйзам долбоорунун жалпы концепциясына каршы эмеспиз. Биз болгону соттуулугу жоюлгандан кийин анча оор эмес кылмыш кылгандарга беш жылга чейин, оор кылмыш кылгандарга он жылга чейин, өтө оор кылмыш кылгандарга 15 жылга чейин шайлоого катышуусуна чек коелу деп сунуш кылдык. Башкача айтканда, биз өмүр бою эмес, кайсы бир убакытка чейин чек коюуну колдоп жатабыз.

«Бул адам укуктарын бузат»

Деген менен шайлоого катышчу талапкерлерге чектөө коюу маселесин караган соңку сунуштар саясатчылар менен юристтердин арасында каршы пикирлерди жаратты. Бир даары муну буга чейин соттолуп чыккан же учурда камакта отурган саясатчылардын кайра бийликке келишине бут тосуу катары баалап жатышат.

Абакта олтурган экс-депутат, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаты, юрист Таалайгүл Токтакунова мыйзам долбоору туурасында өз оюн мындайча билдирди:

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

- Бул жерде Текебаевге тиешеси барбы-жокпу деген маселеден мурда мыйзамдын өзүн талдап алалы. Бул мыйзам долбоору биринчиден Конституцияга туура келбейт, бул адамдын конституциялык укуктарын чектөө болуп эсептелет. Анткени соттуулугу жоюлган адам соттолгон болуп эсептелбейт жана ал адам шайлоого катыша алары ошол эле шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын өзүндө белгиленген. Ойлоп көрсөңүз, адам кылмыш кылды дейли, анын жазасын тартты, соттолуп, камалып чыкты, анан канча бир мөөнөт өткөндөн кийин соттуулугу алынды. Андан кийин ал шайлоого ээн-эркин катышууга укугу болушу керек, анткени ал деле Кыргызстандын жараны. Ал эми Текебаев, маселен, быйыл же келерки жылы түрмөдөн чыкса соттуулугу дароо жоюлбайт да. Анысы кийинчерээк жоюлат, ошондуктан ал азыркы мыйзам менен деле шайлоого катыша албай калат. Акталса гана катышышы мүмкүн. Бирок акыркы жылдары бир катар белгилүү адамдар, саясатчылар саясий боёк менен соттолуп кетишпедиби. Ага чейин да соттолгон. Алардын колунда соттун өкүмү болгон менен өздөрү да, коом да ал адилетсиз чечим болгон деп эсептейт. Ага карабай бул мыйзам төбөсү көрүнгөн саясатчыларды, атаандаштарды 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катыштырбоо максатын көздөшү мүмкүн деп ойлойм.

Ооба, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Өмүрбек Текебаевден тышкары ондогон саясатчылар соттолуп, камалган жайы бар. «Саясий туткундарды коргоо» комитетинин эсебинде эле алардын саны отуздан ашат.

Анын ичинде Дүйшөнкул Чотонов, Садыр Жапаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков, Дастан Сарыгулов, Толубай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Абдылда Капаров, Максат Кунакунов жана башкалар бар. Булардан Сарыгулов менен Султанов гана үй камагына алынса, Асанов менен Кадыров жаза мөөнөтү кыскарып жакында эле абактан чыкты. Аталган саясатыларга коррупция, бийликти басып алуу сыяктуу айыптар тагылган жана жаза мөөнөттөрү беш жылдан ашат.

Соттолгондордун баары сот чечимдерин саясий буюртма катары баалашат. Бирок жаңы мыйзам кабыл алынса, алар түрмөдөн чыккан күндө деле шайлоого катыша албай калышы мүмкүн.

Мындай жагдайга мурдараак соттолуп чыккан экс-депутаттар Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков, Бишкек жана Ош шаарларынын мурдагы жетекчилери Нариман Түлеев менен Мелис Мырзакматов да кептелиши ыктымал. Экс-мэрлер Түлеев менен Мырзакматовдун (сыртынан соттолгон) соттуулугу жоюла элек болсо, Ташиевдики 2015-жылы, Келдибековдуку 2017-жылы алынган. Бирок бири да актала элек.

Антсе да Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков сөз болуп жаткан мыйзам долбоору парламенттен өтпөйт деп болжоп жатат. Ал өз пикирин Баш мыйзамдын талабы менен негиздеди:

Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

- Эң негизги мыйзам болуп Конституция эсептелет. Башка мыйзамдар ошонун принциптеринен чыкпашы керек. Депутаттардын көпчүлүгү Конституцияны окубаганы мына ушуга алып келет. Ошону окушса мындай мыйзам жазышпайт эле. Муну мен популисттик мыйзам деп эсептейм. Эгер андай мыйзам киргизгиси келсе анда Конституцияны өзгөртүш керек. Акыркы он жылда саясатчыларды саясаттан четтетүү боюнча жасалма иштер токулуп, алар күнөөсүз жоопко тартылган. Бул келечекте эртеби-кечпи актала турган нерселер. Азыркы жаңы президент шайлангандан бери саясий куугунтукта жүргөндөр акталып жатат, абакта отургандар чыгып жатат. Ушунун фонунда бул мыйзамды кабыл алышпайт го деп ойлойм. Мыйзамды өткөргөн күндө да мыйзам иштебей турганын белгилегим келет. Жаңы мыйзам буга чейин соттолгон адамдардын жагдайын оорлоштурса ал иштебейт, жеңилдеткен шартта гана иштейт. Башкача айтканда, мыйзам кабыл алынгандан кийин камакка алынгандарга гана тиешелүү болот.

Бирок мыйзам долбоорунун автору Кенжебек Бокоев соттолгон адам шайланууга мүмкүнчүлүгү болоорун, ал сот тарабынан толук акталган учурда талапкер болуп каттала алаарын айтууда. Ошондуктан ал саясатчыларды ишин кайра каратып, соттон утуп чыгууга чакырды.

Буга мисал катары депутат мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда соттолгон Феликс Кулов менен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда соттолгон Исмаил Исаковдун кийин соттон толук акталып чыкканын мисал келтирет.

Бокоевден сырткары учурда депутаттардан, көз каранды эмес адистерден, БШКнын мүчөлөрүнөн түзүлгөн президентке караштуу атайын жумушчу топ да шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламентке алып келген. Келерки жылы парламенттик шайлоо болорун эске алганда бул мыйзамдар быйыл күзгө чейин кабыл алынып бүтүшү керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG