Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Асанов: аягына чейин күрөшөбүз


Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

Бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн соттолуп, 12-февралда эркиндикке чыккан саясатчы Бектур Асанов толук акталып чыгыш үчүн аракеттер улана турганын “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди.

Ал БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арыз бериле турганын кошумчалап, саясаттан кетпей турганын айтты.

“Азаттык”: - Бектур мырза, ден соолугуңуз кандай? Буга чейин ачкачылык жарыялап, дарыгердин көзөмөлүндө болдуңуз эле...

Бектур Асанов: - Ден соолук жакшы, өзүмдү жакшы эле сезип турам.

"Азаттык": - Силер кандай негизде чыктыңар? Жаза өтөө мөөнөтү бүттүбү же кыскардыбы?

Бектур Асанов: - Жаңы кодекске ылайык биздин мөөнөтүбүз кыскарды. Ошонун негизинде чыктык.

“Азаттык”: - Силер буга чейин саясий негизде камалганыңарды айтып келгенсиңер. Демек толук акталып чыгууга аракет кыласыңарбы?

Бектур Асанов: - Сөзсүз. Биздин иш Жогорку сотто да каралып бүтүп калган. Биз БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арыз жазабыз. Соттун чечими менен жаңы жагдайлар ачылат. Сөзсүз түрдө аягына чейин күрөшөбүз. Бул саясий куугунтук болду. Бизге карата күмөн, далил, көрсөтмө, арыз да жок. Элге шерменде болбош үчүн сотту жабык өткөрүшкөн. Анда бир да факт, далил жок. Бизди соттогон судьялар далилдердин баары жасалма экенин өздөрү да моюнга алышкан. Ошондуктан кайрадан адилеттүүлүк орнойт, биз жакын арада толугу менен акталабыз.

“Азаттык”: - Үч жылдай абакта болдуңуз. Ал жакта сиздерге карата басым-кысым болгон жокпу?

Бектур Асанов: - Кылмыш иши козголгонунун өзү эле басым да, камалганга чейин эле. Ал эми камалган, үч жыл бою чыгарбай кармагандын өзү басым.

“Азаттык”: - Айрым коомдук ишмерлер, укук коргоочулар "Саясий туткундарды коргоо комитетин” түзүп, ага силердин аты-жөнүңөрдү да киргизишкен. Эми мындан аркы пландар кандай болот?

Бектур Асанов: - Мындан ары да саясатта болобуз, сөзсүз. Биздин идеябыз, максатыбыз улана берет, күрөш улана берет. Саясий жактан үч жыл түрмөгө түшүп чыкканыбыз биздин саясатыбыздын өзгөрүп кетишине таасирин тийгизбейт.

“Азаттык”: - Демек толук акталып, келерки шайлоого катышуу ниетиңиз барбы?

Бектур Асанов: - Саясатка акталбасак деле кошулабыз. Шайлоого катышабыз. Келерки жумада Кубанычбек Кадыров менен бирге басма сөз жыйынын өткөрөбүз. Ошондо мындан кийинки иш пландарыбыз, саясий көз карашыбыз тууралуу жарыя кылабыз.

P.S.: Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков 2016-жылы март айында "бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармалган. Иш райондук, шаардык соттордо каралып, алар 12-20 жылга чейин камалган. Жогорку сот алардын ишин 2017-жылы 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөтү кыскартылган. Асанов менен Кадыров сегиз жылга, Карыбеков 14 жылга кесилген. Карыбековдун эркиндикке чыгар-чыкпасы тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.

Аларга байланышы бар деп кармалган, мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

Буга чейин Асанов жана Кадыров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевди кызматтан алууну талап кылып бир нече апта бою ачкачылык кармашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG