Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

«Кудайдан да, мыйзамдан да коркпогондор»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда былтыр пандемия күчөгөн учурда миллиарддаган долларлык каражатты уурдоо фактысы боюнча 50дөй кылмыш иши козголду. Алматы жана Чымкент шаарларында оорукана салганда ири өлчөмдө каражат уурдалганы да маалым болду.

29-январда Казакстандын Коррупцияга каршы агенттиги Алматыдагы коронавирус бейтаптары үчүн курулган оорукананын курулушунда бир нече миллион доллар уурдалганын билдирди. Агенттиктин жетекчиси Алик Шпекбаев жыйында пандемияда бюджеттик каражатты уурдаган аткаминерлерди «кудайдан да, мыйзамдан да коркушпайт» деп жекирди:

«Айрым аткаминерлер кудайдан да, мыйзамдан да коркпой, ээлеген кызматын кирешелүү жеке бизнеске айлантышкан. Жалпысынан агенттикте 100гө жакын кылмыш иши катталган, анын жарымы кризиске каршы күрөштө уурдалган каражаттарга байланыштуу козголгон. Ошондой эле 132 жасалма дем алдыруучу аппарат 2 миллиард теңгеге кымбат сатылып алынганы катталган».

Коңшу өлкөнүн жемкорлукка каршы күрөш кызматынын башчысы казак бийлиги пандемияда бөлгөн 13 миллиард доллардын канчасы казак аткаминелеринин чөнтөгүнө кеткенин так айткан жок. Бирок 20-январда Алматы шаарында коронавируска чалдыккан бейтаптар үчүн былтыр оорукана салынганда ири өлчөмдө каражат уурдалганы кабарланган. Анда өкмөт бөлгөн 5,5 миллиард теңгенин, башкача айтканда 13 миллион доллардын тогуз миллиондон ашыгы уурдалганы айтылган.

Алматы шаарында курулган оорукана. 24-апрель, 2020-жыл.
Алматы шаарында курулган оорукана. 24-апрель, 2020-жыл.

Коррупцияга каршы агенттиктин расмий билдирүүсүндө: «Алматы шаардык айлана-чөйрөнү коргоо департаментинин башчысы Сапар Нурашев жана «Bi-Industrial» компаниясынын директору коронавирус бейтаптары үчүн оорукананын курулушуна бюджеттен бөлүнгөн 9 миллион доллардай каражатты уурдаган деп шек саналууда. Аларга «Мүлктү ыйгарып алуу же уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголду», деп айтылат. Бирок бул билдирүүдөн кийин Сапар Нурашев жана «Bi-Industrial» компаниясынын директору мындай дооматты четке кагышкан.

Алматыдагы коронавируска чалдыккандар үчүн оорукана былтыр жазында салынган. Бирок жаңы ооруканада былтыр күз айларында айрым кыйынчылыктар чыккан соң бардык бейтаптар башка ооруканага которулууга мажбур болгон.

Ал арада Чымкент шаарындагы атайын оорукананын курулушунда да жемкорлук фактысы табылган. Коррупцияга каршы агенттиктин өкүлү Мурат Ахметов ооруканага 13 миллион доллардын тегерегинде акча бөлүнгөнүн айтып, бирок анын канчасы «чөнтөккө кеткени белгисиз» деди.

«Шектүүлөр атайын иликтөөдөн кийин белгилүү болот. Оорукананын курулушунда жана документтеринде дал келбеген жерлер бар. Өзгөчө бааларды ашкере кымбаттатып көрсөткөн фактылар текшерилет», - деп айтты Ахметов.

Ошондой эле Казакстандын Коррупцияга каршы агенттигинин жетекчиси Алик Шпекбаев коррупция менен күрөшүүдө жаңы ыкмалар колдонулушу керек экенин баса белгиледи. Ал паракорлорго «Коомго акчаны кайтарып бер» деген жазуусу бар кийим кийигизип, көчө тазалатууну сунуш кылды.

Чымкент шаары, 17-сентябрь, 2020-жыл.
Чымкент шаары, 17-сентябрь, 2020-жыл.

Ушул тапта Алматы шаарында коронавирус инфекциясы тараганына байланыштуу чектөөлөр күчөтүлдү. 1-февралдан тартып шаардагы театрлар жана кинотеатрлар жабылат. Ошондой эле соода жана көңүл ачуу борборлору саат 10дон кечки 8ге чейин гана ачык болот. Ал эми дем алуу күндөрү таптакыр ачылбайт. Азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн жана дарыканалардын ишине чектөө жок, бирок имараттын ичинде чектелүү санда гана адамдар болушу керек. Той-топурларды, спорттук иш-чараларды, көргөзмөлөрдү, форумдарды өткөрүүгө тыюу салынат.

Казакстанда пандемия башталгандан бери 185 миңден ашык адам коронавирус жугузуп алса, расмий айтылгандай 2535 киши илдеттин кесепетинен каза болду. Мындан сырткары өпкө кагынынан 564 адам көз жумганы өз алдынча эсептелген.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG