Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Казакстанда бейөкмөт уюмдарга кысым күчөдү


"Эркиндиктин Канаттары" уюмунун жетекчиси Елена Швецова, адвокат Ольга Эннс, адвокат Роман Реймер (солдон оңго). Эсил районунун кирешелер бөлүмүндө. Нур-Султан ш., 18-январь, 2021-жыл.
"Эркиндиктин Канаттары" уюмунун жетекчиси Елена Швецова, адвокат Ольга Эннс, адвокат Роман Реймер (солдон оңго). Эсил районунун кирешелер бөлүмүндө. Нур-Султан ш., 18-январь, 2021-жыл.

Казакстанда айрым бейөкмөт уюмдар бийликтин кысымына кабылды. Алардын көпчүлүгү адам укугун коргоо менен алектенгендер. Буга чейин 2 бейөкмөт уюм айып пул тартып, бирөөнүн ишмердиги убактылуу токтогон. Ал эми 25-январда Казакстандын салык кызматы дагы 2 бейөкмөт уюмдун ишин токтотту.

Казакстандын салык департаменти өлкөдөгү эки бейөкмөт уюмдун, Адам укуктары боюнча бюронун жана "Эл аралык укуктук демилге" уюмунун ишмердигин үч айга токтотту. Ошондой эле эки уюмга административдик айып пул да салынды. Соттун чечими 25-январда Алматы шаарында чыкты.

Бийликтин кысымына кабылган Адам укуктары боюнча бюронун директору Евгений Жовтистин айтымында, сот жараянында көптөгөн мыйзам бузуулар болгон.

"Соттун милдетин аткарып жаткан салык кызматкерине суроо берүүгө аракет кылдык. Биз көптөгөн жүйөлөрдү келтирдик, бирок алар эки айлык мөөнөт өтүп кеткенин эске алышкан жок. Бул чечим күчүнө кире элек, Мамлекеттик киреше департаментине кайрылууга он күндүк убактыбыз бар. Андан кийин сотко кайрылабыз, эгерде иш саясий негизде болсо, анда үмүтүбүз аз" , – деди Жовтис мырза.

Адвокат Айман Омарова (солдо), Евгений Жовтис (ортодо), адвокат Инара Масанова (оңдо). Алматы шаары, 29-январь, 2020-жыл.
Адвокат Айман Омарова (солдо), Евгений Жовтис (ортодо), адвокат Инара Масанова (оңдо). Алматы шаары, 29-январь, 2020-жыл.

Жовтис бюронун үч айга жабылышы олуттуу зыянга учуратарын белгилеп: "Биздин кызматкерлерге кыйын болот. Жалпысынан 44 адам иштейт, эми пандемия учурунда алар ишсиз калышат. Бийликке бул эмне үчүн керек болуп жатканын түшүнбөй турам", – деп кошумчалады.

Адам укуктарын коргоо менен алектенген "Эл аралык укуктук демилге" уюмуна да бир миллион теңгеден ашык айып пул салынып, ага үч айга ишин токтотууга буйрук берилди. Уюмдун жетекчиси Амангелди Шорманбаев болуп жаткан окуяларды "саясий буйуртма" деп сындады.

"Бизди бардык укуктарыбыздан ажыратып, кырдаалды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Алар бизди жазалоону гана көздөшкөн. Бул дагы бир саясий буйуртма жана куугунтук. Алар бизди башка эл аралык уюмдар менен байланыштырбай, оозубузду жапкылары келип жатат", – деди Шорманбаев.

Ал ошондой эле салык органдарынын чечимине каршы даттанарын жана уюмдун ишмердигин чектөө бара-бара анын жабылышы менен бүтөрүн жашырбайт.

Ал эми былтыр ноябрда казакстандык бир нече коомдук жана адам укугун коргогон уюмдар салык органдары негизсиз текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканына даттанышкан.

Коңшу өлкөнүн салык кызматтары былтыртан бери "Эхо" коомдук бирикмесинин ишин текшерүү убактысын алты жолу өзгөрткөн. Бирок бирикменин жетекчиси Павел Лобачев сот чечимин уюмдун өкүлдөрүн катыштырбастан эле чыгарып койгонун айтат:

"Алар "кол кой" дешти. Биз баш тарттык. Алар сотко бирдей шартта кайрылышы абзел. Бул жараянда эки тараптын өкүлдөрү бирдей катышып, алар биздин күнөөбүздү далилдеши керек болчу. Бирок алар эч кандай далил келтирген жок. Бизге өзүбүздү коргоого мүмкүнчүлүк берилген жок. 1937-жылдагыдай эле, алып келип "атып салышты"", - деди Лобачев.

Бул бирикмеге чет өлкөдөн келген акча тууралуу уюмдун баяндамаларында айрым "дал келбестиктер" үчүн айып тагылган. Бир нече жыл мурун кабыл алынган мыйзамга ылайык, чет өлкөдөн каражат алган уюм белгиленген мөөнөттө келип түшкөн каражаттын кандайча жумшалгандыгын көрсөткөн эки башка форманы толтуруп, салык кызматына тапшырууга милдеттүү.

"Эгерде биз чет өлкөдөн акча алсак, 10 күндүн ичинде салык инспекциясына кабарлап, №17 форманы толтурушубуз керек. Мисалы, бизге 100 теңге которулган болсо, биз 100 теңге алгандыгыбызды көрсөтөбүз. Андан кийин биз аны кантип коротконубузду көрсөткөн №18 форманы толтурабыз. Эгерде эки форманын ортосунда айырма келип чыкса, анда 200 айлык эсептик көрсөткүчтө айып пул салынат жана уюмдун иши үч айга чейин токтотулат", - деди Лобачев.

Анткен менен 15-январда Алматы шаарынын Алмалы райондук салык башкармалыгы «Эхо» бирикмесине 200 айлык эсептик көрсөткүч (АЕК) өлчөмүндө, башкача айтканда, 583 миң теңге (1385 доллар тегеригинде) айып пул салып, ишин үч айга токтотуу жөнүндө токтом чыгарган.

Салык кызматы коомдук уюмдун үч жыл мурун кетирген кемчиликтерин таап чыккан. Ошондой эле жетекчи Павел Лобачев сот жараянында көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун кошумчалады.

Павел Лобачев "Азаттык" радиосунун казак кызматынын студиясында. 2016-жыл.
Павел Лобачев "Азаттык" радиосунун казак кызматынын студиясында. 2016-жыл.

"Салык кызматы айып таккандан кийин 15 күндүн ичинде ишти карашы керек болчу. Андан кийин иш дагы бир айдын ичинде каралмак, бирок алар аны эки айга узартышты. Ошентип административдик кодекс да бузулду" - деди Лобачев.

19-январда казакстандык "Эркиндиктин канаттары" коомдук уюмуна Нур-Султандын Эсил райондук салык башкармалыгы "салык декларацияларын өз убагында тапшырбаганы" үчүн 277 миң теңге (болжол менен 660 доллар) айып пул салды. Алгач салыкчылар уюмга "Сорос-Казакстан" фондунан жана Хельсинки Комитетинен которулган каражат боюнча айып такмакчы болгон. Бирок көп өтпөй эки административдик иш тең жабылган. Айып пул салынган үчүнчү иш уюмга туура эмес которулган каражатка байланыштуу козголгон.

"Хельсинки Комитетинен акча алганыбыз жөнүндө №17 форманы кечиктирип бергендигибиз үчүн 100 айлык эсептик көрсөткүч административдик айып пул салынган. Бизге мындай форманы толтуруунун кажети жок болчу, анткени ал бизге туура эмес келип түшкөн. Алар буга чейин бизге салган акчаларын аралаштырып, кайра кайтарып беришкен. Бул акчаны кантип кайтарып берүү керек экенин жана салык кызматы менен эмне кылуу зарылдыгын банктан сурадык. Эч ким жооп бере алган жок. Мыйзамда туура эмес келген каражат жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Азыр биз анын азабын тартып жатабыз. Бардык документтерди көрсөттүк. Биз бул чечимдин үстүнөн даттанабыз", - деди "Эркиндик Канатынын" негиздөөчүлөрүнүн бири Елена Швецова.

Ал эми Казакстандагы Укуктук медиа борборунун директору Диана Окремова бейөкмөт уюмдарга атайын сценарий боюнча кысым көрсөтүлүп жатканын баса белгилейт.

"Булардын баары кайсы принцип боюнча жасалганы белгисиз. Бирок биз каражат жөнүндө баяндама бергенибизди далилдей алабыз. Күнөөсүз экенибизди далилдөөгө аракет кылабыз. Биздин иш 25-январда каралат. Анын үстүнө биз грант алган эмеспиз. Уставга ылайык, биз коммерциялык ишмердүүлүк менен гана алектене алабыз", - деди Окремова.

Диана Окремова.
Диана Окремова.

20-январда Human Rights Watch уюму атайын билдирүү таратып, Казакстандын мамлекеттик органдарынын аракеттерин "репрессиялык чаралар" деп кескин сынга алды. Билдирүүдө "Казак бийлиги адам укуктарына каршы мыйзамдарды көптөн бери колдонуп келе жатат, бирок азыркы кысым мурдагы сценарийлерге караганда өтө эле ашкере болуп жатат" деп айтылган.

Былтыр 30-ноябрда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү салык органдарынын текшерүүсүн Казакстандагы парламентке депутаттарды шайлоо жараяны менен байланыштырган. Уюмдар салык кызматынын "чабуулунун" артында Улуттук коопсуздук кызматы турушу мүмкүн деген билдирүүгө да кол коюшкан.

Андан бери көп бир топ убакыт өтсө да казакстандык бейөкмөт сектордун жагдайы өзгөргөн жок. Мындан улам “Эхо” коомдук бирикмесинин директору Павел Лобачев 10-январда өткөн шайлоого байкоочу жибере албаганын айтат.

"Албетте, бул биздин ишибизди токтотуу үчүн жасалган саясий буйрук. Алар эч кандай далилсиз бизди күнөөлөп жатышат. Аларга биздин ишибизди токтотуу боюнча көрсөтмө берилгендей, шайлоого көз сала албай калдык. Бирок шайлоого барган башка байкоочуларга жардам бердик", - деди Лобачев.

"Азаттык" радиосунун казак кызматынын журналисттери Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы Марат Султангазиевге расмий кат жолдоп, бейөкмөт уюмдарга салыкка байлап кысымга алуунун себептерин жана аларга коюлган айыптардын мүнөзүн түшүндүрүп берүүнү суранышкан. Бирок, комитеттин төрагасы бул макала жарыяланганга чейин жооп берген жок.

Казкастандагы парламенттик шайлоо. 10-январ, 2021-жыл.
Казкастандагы парламенттик шайлоо. 10-январ, 2021-жыл.

Ал эми Казакстанда 10-январда өткөн парламенттик шайлоого нааразы болгон саясий топтордун тарапкерлери массалык түрдө камакка алынган. Шайлоо маалында мыйзам бузуулар жана көз карандысыз байкоочуларга ар кандай тоскоолдуктар болуп жаткандыгы тууралуу көптөгөн билдирүүлөр түшкөн.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) Казакстанга жөнөткөн байкоочулар миссиясы парламенттик шайлоо ачык жана акыйкат өтпөгөнүн белгилеп, казак бийлиги "жарандарды тандоо укугунан ажыратты" деп билдирген. Ошол эле учурда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы "шайлоо учурунда мыйзам бузуулар катталган жок" деп кабарлаган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG