Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Казакстанда шинжаңдык качкындар сабалды


Мурагер Алимулы тез жардамда. 21-январь, 2021-жыл.

Кытайдан келген шинжаңдык казак Мурагер Алимулы менен Кайша Аканга белгисиз бирөөлөр кол салып, сабап кеткени маалым болду. Алар Казакстанга Кытайдагы этникалык топтордун укуктары бузулганда качып келишкен.

Былтыр Казакстандан качкын макамын алган Кайша Аканга 21-январда кечке жуук Алматы шаарындагы үйүнүн жанында кол салуу болгон.

Бул тууралуу "Нагыз Ата Журт" уюмунун башчысы Бекзат Максутханулы "Азаттык" радиосунун казак кызматына билдирген.

«Кайша мага чалып, белгисиз адамдар аны сабаганын айтты. Дүкөндөн үйүнө кайтып келе жатканда бурчтан кол салуу болгонун түшүндүрдү. Аны башка уруп, муунтуп, сүйрөшүптүр. Кайша эс-учуна келгенде мага чалды. Үнү бүтүп калыптыр», - деди Максутханулы.

Кайша Акан окуядан кийин. 21-январь, 2021-жыл.
Кайша Акан окуядан кийин. 21-январь, 2021-жыл.

Кол салуудан кийин Кайша Аканга "Тез жардам" кызматы чакыртылган. Бирок ал өзүнүн коопсуздугунан коркуп, ооруканага баруудан баш тарткан. Акандын жанына келген казакстандык укук коргоочу Гүлмира Куатбекова анын абалын түшүндүрүп берди.

«Ага ооруну басаңдатуучу дары беришти. Баш мээси чайкалып калган, бетинде шишик бар дешти. Ошондой эле билегинде жараат бар экен. Кайша буту жана бели ооруп жатканын да айтты».

Алматы шаарынын Түрксиб райондук полиция бөлүмүнүн кызматкери Кайша Аканга кол салуу боюнча тергөө иштери башталганын билдирди.

«"Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Азыр жетекчилик окуя болгон жерде жүрөт. Башка эч нерсе айта албайм», - деди полиция бөлүмүнүн кызматкери.

Анткен менен укук коргоочу Гүлмира Куатбекова кытайлык качкынга кол салуу атайылап уюштурулган деген пикирде.

«Бул жөн гана "эскертүү" болду. Алар Кайшадан эч нерсе алышкан эмес. Анын бардык документтери жанында турат. Кайша Акан буга чейин деле шектүү нерселерди байкап жүрүптүр. Жашаган үйүнө белгисиз бирөөлөр келип, ал тууралуу сураштырчу экен. Анын Кытайда калган туугандарына бул өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушу жөнүндө сөздөрдү айтпагыла деген эскертүү келиптир», - деди Куатбекова.

Бул окуяга удаа эле былтыр "чек араны мыйзамсыз кесип өткөн" деген айып менен абакта отуруп чыккан шинжаңдык казак Мурагер Алимулы, Нур-Султан шаарына жакын Коянды айылында өзүнө кол салуу болгонун айткан.

«Мен караңгыда жалгыз бараткам. Эки адам жаныма келип, бычак менен курсакка сайышты. Чөнтөгүмдө телефонум бар эле, ошол мени сактап калды. Бычак телефонума тийип, жеңил жараат алдым. Андан кийин башка темир менен катуу чабышты», - деген Алимулы.

Кайша Акан менен Мурагер Алимулына ким кол салганы учурда белгисиз бойдон калууда.

Мурагер Алимулы полицияда көрсөтмөдөн кийин. 22-январь, 2021-жыл.
Мурагер Алимулы полицияда көрсөтмөдөн кийин. 22-январь, 2021-жыл.

Кытайдын Шинжаң аймагында туулуп-өскөн Сайрагүл Сауытбай, Кайша Акан, Тилек Табарикулы, Багашар Маликулы, Кастер Мусаханулы жана Мурагер Алимулы 2018-2019-жылдары кытай бийлигинин кысымынан улам тарыхый мекенине качууга аргасыз болушкан.

Расмий Нур-Султан алардын бардыгына "чек араны мыйзамсыз өткөн" деп айып койгон. Алардын катарында эл аралык деңгээлде резонанс жараткан Сайрагүл Сауытбай да болгон, ал 2019-жылы жайында Швециядан саясий башпаанек алган соң, Казакстандагы комиссия ага качкын макамын берүүдөн баш тарткан.

Шинжаңда туулуп-өскөн 44 жаштагы Аканды 2019-жылдын декабрь айында Алматы облусунун Панфилов райондук соту "чек араны бузган" деп айып менен алты айга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. 2020-жылы Алматы шаарынын миграция кызматы Кайша Аканга качкын макамын берген.

Мурагер Алимулы дагы бир этникалык казак Кастер Мусахан менен Кытайдын Шинжаң аймагындагы кысымдардан качып, 2019-жылы күзүндө Казакстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн. Кийинчерээк алар мыйзамды бузганы үчүн камакка алынган.

2020-жылдын январь айында Чыгыш Казакстан облусунун Зайсан райондук соту экөөнү "мамлекеттик чек араны бузган" деп бир жылга эркинен ажыраткан, бирок коронавирус күчөп кеткенине байланыштуу Семей түрмөсүнөн 22-июнда бошотулушкан. Былтыр октябрь айында Казакстан аларга бир жылга качкын макамын берген.

Кытайдын түндүк батышындагы Шинжаңды байырлаган уйгур, казак, кыргыз ж.б. аз улуттарды кысымга алуу тууралуу кабарлар 2017-жылдын жаз айынан тарта айтыла баштаган.

2018-жылы БУУ бул чөлкөмдөгү этникалык топторду атайын жайларга зордоп кармап жатышканын билдирген. Эл аралык уюмдун ырастоосу боюнча, ошол кезде кайра тарбиялоочу лагерлерде миллионго жакын мусулмандар кармалып турганы кабарланган.

Ушул жуманын башында АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Помпео Бээжинди Шинжаңдагы уйгурларга жана башка мусулман азчылыктарына каршы "геноцид" жасады деп айыптап, бардык эл аралык уюмдарды жана сотторду Кытайдын мусулмандарды куугунтуктоосуна каршы чара көрүүгө чакырды. Ал Вашингтондогу жаңы администрация Пекинге кысым көрсөтүүнү уланта берет деген үмүтүн билдирди.

20-январда кызматына киришкен Жо Байден Мамлекеттик катчынын кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөн Энтони Блинкен 19-январда Сенаттагы угууларда Кытай өкмөтүнүн Шинжаңдагы мусулмандарга карата куугунтуктоолорду "геноцид" деп баалаганына макул экендигин билдирди.

Бээжин андай айыптарды четке кагып, кийинчерээк Шинжаңдагы лагерлерди “тил үйрөнүү жана кесиптик даярдык борборлору” катары сыпаттап, алар “экстремизмге каршы күрөшүү” максатында уюшулганын ырастаган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG