Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

АКШ Кытайдын Шинжаң аймагында өндүрүлгөн пахта менен помидорду импорттоого тыюу салынарын билдирди


Шинжаңда пахтанын жыйым-терими.
Шинжаңда пахтанын жыйым-терими.

АКШнын Бажы жана чек ара кызматы 13-январда билдиргендей, Шинжаңдан алынып келген пахта жана помидорлор Кошмо Штаттардын бардык портторунан кармалат. Расмий бийликтин айтымында, буга Шинжаңда мажбурланган жумушчу күчүнүн колдонулушу себеп болду.

«АКШнын Ички иштер министрлиги мажбурланган жумушчу күчүн пайдалануу менен жасалган товарлардын өлкөгө алынып келишине бөгөт коет. Ошондой эле биз кытайлыктардан лагерлерди жаап, адам укуктарын бузууну токтотушун талап кылабыз», - деп билдирди Ички иштер министринин катчысынын милдетин аткаруучусу Кен Кучинелли.

Кытай өкмөтү Кошмо Штаттарды Шинжаңда өндүрүлгөн томат менен пахтаны киргизилген тыюу салууну токтоосуз алып салууга чакырып, «мажбурланган жумушчу күчү» тууралуу маалыматты «кылымдын калпы» деп атады.

Буга чейин Канада менен Британия Шинжаңда лагердеги уйгурлардын күчү менен жасалган буюм-тайымдардын импорттолушуна тыюу саларын билдирген.

Бээжин Шинжаңда жүргүзгөн саясаты үчүн соңку бир нече жылдан бери эл аралык коомчулуктун дооматына кабылып келет. Ал жакта Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби боюнча бери дегенде 1 миллион уйгур жана башка мусулман азчылыктар, анын ичинде казактар жана кыргыздар «саясий-тарбиялоочу лагерлерде» камалып келет.

Кытай бул дооматтарды четке кагып, ал жайларды «ислам радикализмине каршы турууга багытталган билим борборлору» катары сыпаттайт.

XS
SM
MD
LG