Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:33

АКШ Кытайдын ШУАРындагы жарым аскердик ири компаниянын пахтасын импорттоого тыюу салды


КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун борбору Артыш шаарындагы атайын кароол кайтарган абактын сырты. 2018-жылдын 3-декабры.
КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун борбору Артыш шаарындагы атайын кароол кайтарган абактын сырты. 2018-жылдын 3-декабры.

АКШнын жетекчилиги КЭРдин Шинжаң-Уйгур автоном районундагы (ШУАР) жарым-жартылай аскердик тартипте иштеген «Шинжаң өндүрүш жана курулуш корпусу» аттуу мекеме менен байланышы бар компаниялардын пахтасын жана андан жасалган товарларын өлкөгө импорттоого тыюу салды. Сөз болгон жарым-жартылай аскердик бөлүк Кытайдагы ири пахта өндүрүүчү мекеме болуп саналат.

АКШнын Бажы жана чек араны коргоо мекемеси 2-декабрда андай компаниялардын жүгү кемелерден конфискациялана тургандыгын билдирди. Мекеме жетекчиси Марк Моргандын айтымында, Шинжаңдагы мусулман дининдеги улуттук азчылыктарды мажбурлап ишке салуу практикасы америкалык ар бир ишкер чөйрөнү, ар бир кардарды кайдыгер калтырбашы керек.

Мындай санкция салууга Шинжаңдагы уйгурлардын жана башка улуттук азчылык өкүлдөрүнүн «кайра тарбиялоочу» деп аталган лагерлерге айдалышы жана өндүрүштө алардын эмгегин мажбурлап пайдалануу тууралуу маалыматтар себеп болду.

АКШнын Улуттук коопсуздук министрлигинин башчысы Кеннет Кучинелли Шинжаңдан пахта ташып келүүгө тыюу салуу маселеси каралып жатканын билдирди.

Вашингтон, БУУ жана көз карандысыз адам укуктарын коргоо уюмдарынын эсебинде, Кытайдын ШУАРындагы бир миллиондой мусулман «кайра тарбиялоо» лагерлерине күчтөп жөнөтүлүп келе жатат.

Расмий Бээжин ал жайларды терроризмге туруштук бериш үчүн түзүлгөн тилге жана кесипке үйрөтүү борборлору деп атап, алардын абак катары колдонулуп жаткандыгы тууралуу сынды четке кагууда.

Маалыматтарга караганда, ШУАРдагы «кайра тарбиялоочу лагерь» деп аталган абакта кармалгандардын арасында кытайлык кыргыз жана казак илимпоздору, айдыңдары жана карапайым тургундары да бар.

XS
SM
MD
LG