Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Казакстандык активисттер Евробиримдикке кайрылышты


Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнө келген активисттер.
Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнө келген активисттер.

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында ондогон активисттер Европа Биримдигин өлкөдөгү адам укуктары бузулуп жатканына байланыштуу казак бийлигине басым көрсөтүүгө чакырышты. Активисттер 27-ноябрда Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү жайгашкан имаратка келип, кызматкерлер менен жолугушууну талап кылышты.

Акциянын катышуучулары «Саясий туткундарга боштондук!», «Силердин Казакстан менен келишимиңер – биздин кулчулук!», «Коррупцияга баткан өлкө менен соода кылууга жол жок!» деп жазылган плакаттарды кармап турушту.

Акцияга чыккандардын айтымында, Еврокомиссиянын Борбор Азия боюнча кабыл алган жаңы стратегиясында адам укуктарын жана жарандык коомду колдоо камтылган. «Ошондуктан уюм айтылган талаптарды эске алышы керек» дешет активисттер. Митингчилер менен жолугушууга эч ким чыккан жок.

Быйыл Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыктын жаңы стратегиясын кабыл алган.

Казакстан эгемендик алгандан бери күчтүү президенттик башкарууда жашап келет. Өлкө кош палаталуу парламентке ээ. Ушул тапта жогорку палатада – Сенатта экс-президенттин кызы Дарига Назарбаева төрайымдык кылат. Ал эми төмөнкү палата - Мажлистеги мандаттардын 80% «Нур-Отан» партиясы ээлейт. Партияны 20 жыл мурда Нурсултан Назарбаев түптөгөн. Ал быйыл президенттиктен кетип, ордуна Касым-Жомарт Токаев дайындалганы менен «Нур-Отандын» лидери жана Коопсуздук кеңешинин катчысы катары бийликте таасирин сактап калган.

XS
SM
MD
LG