Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

"Eurasianet": Кытай Борбор Азияга рыногун ачып жатат


Кытайдагы порт
Кытайдагы порт

"Financial Times" гезити 28-январда чыккан макаласын “Кыргызстандын президенти сынчыларынын “диктатура” тууралуу дооматтарын четке кагууда” деп атаган. Материал Садыр Жапаровдун кызматка расмий киришери алдында алынган маегинде негизделип жазылган.

“Кеп жоопкерчиликте. Президентке көбүрөк ыйгарым менен кошо көбүрөк жоопкерчилик жүктөлүшү керек. Элибиз өлкөдөгү бардык нерселерге жооп берген бир адамдын болушу үчүн президенттик башкарууну тандады”, - деген гезиттин кабарчысына Жапаров.

Макаланын автору Генри Фой андан ары жаңы президенттин бийликке кантип келгенин, шайлоодо добуштардын дээрлик 80 пайызы менен жеңгенин айтып берген. Автор жаңы мамлекет башчынын Кыргызстан тарыхында “үч ыңкылап болгон, бардыгы тең бурмаланган шайлоодон келип чыккан, бирок мындан ары андай болбойт, төртүнчү революция кабыл алангыс жана болбойт”, - деген сөздөрүн келтирет.

Муну менен бирге басылма өлкөнүн парламенттик жумурияттан президенттик системага жылышы "Жапаров Владимир Путин же Нурсултан Назарбаевдей режим орнотууну көздөп жатат" деген жарандык коомдун тынчсыздануусун жаратканын белгилейт.

Буга президент “жарандык коомдун бийликти колуна топтоп алгысы келет деген айыптоосу негизсиз, мен диктатураны кайрадан орноткум келбейт. Мен демократиячыл адаммын”, - деп жооп берген.

Макалада ошондой эле Кыргызстанда жаңы Конституция жазуу аракети көрүлүп, ага кандай өзгөртүүлөр киргизилип жатканы баяндалат. Ошол жерде автор Жапаровдун “өлкө секулярдык жумурият бойдон калат” деп айтканын белгилейт.

Интервьюда ошондой эле инвесторлор маселеси, Орусия, Кытай менен мамилелерге байланышкан суроолор берилген.

"The Diplomat" басылмасы 29-январдагы чыгарылышында Кыргызстандын жаңы президентинин ант берүү аземине, Садыр Жапаровдун мамлекет башчы катары алгачкы сөзүнө сереп салат.

Автор Кэтри Пуц президенттин мыйзамдын диктатурасы өкүм сүргөн, адилеттик үстөмдүгү салтанат курган коом куруу максаты турат деген сөздөрүнө шилтеме кылып, бул сүйлөм орус президенти Владимир Путинди эске саларын кошумчалайт.

Инаугурациялык сөзүндө “биримдик” темасына улам-улам кайрылганын белгилеген журналист бакубаттуулук, экономикалык өнүгүү, коррупция менен күрөш өңдүү жалпы саясий убадалар менен катар “маданий кайра жаралууга” үндөө да камтылганын жазат.

Басылма ант берүү аземине мурдагы президент Сооронай Жээнбековдун да катышканына көңүл бурат. Жээнбеков, утурумдук президенттерди эске албаганда, чет жакта качып жүрбөгөн же абакта отурбаган жападан жалгыз мурдагы мамлекет башчы деген фактыны эске салат.

Автор ошондой эле инаугурацияны утурлай экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин, ички иштер иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун камалганын, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй камагына чыгууну көздөгөнүн жана Райымбек Матраимовдун соту эмки жумада башталат деп күтүлгөнүн баяндаган.

"Eurasianet" өткөн аптанын ортосунда жарык көргөн материалын Кытайдын борбор азиялык экспортерлорго өз рыногун ачып жатканына арнаган.

Автор Дирк ван дер Клей аймактын өлкөлөрү өзгөчө айыл чарба секторунда экспорттук тармактарды өнүктүрүүнү, анын арты менен жумуш орундарын түзүүнү көздөшкөнү, Кытай болсо рыногун ачуу менен кредит берүүгө караганда көбүрөөк таасир этүүчү механизмдерге ээ болгонуна басым жасаган.

Басылма ондогон жылдар бою Кытай Борбор Азиядан мунай жана газдан башка дээрлик эч нерсе сатып албаганын, эми фитосанитардык келишимдерге кол коюп, ал жумурияттардан импорттогон азык-түлүктүн тизмесин кеңейтип жатканын белгилейт.

"Муну менен Кытай компанияларына көбүрөк мүмкүнчүлүк берилет жана Бээжиндин саясий таасири артат, - деп эсептейт автор. - Себеби экспортер өлкөлөр Кытай рыногуна чыгуу менен валюта ала алышат, жумуш орундарын түзүшөт. Бул болсо Бээжинге кошумча рычагдарды берет".

Автор Корея же Австралияны жазалаш керек болгондо, Кытай өз рыногуна жолду бууп салат деген мисалды келтирет.

Макалада Бээжиндин стратегиясы да чечмеленет. Атап айтканда бир миллиард 400 миллион керектөөчү бар рыногунун эшигин ачуу менен бирге экспортко багытталган ишканаларды каржылайт жана бул – узак мөөнөттүү иш.

Мисалы, Казакстандын инвестициялык мекемесинин маалыматына шилтеме менен айтылгандай, Казакстан чет өлкөлүк инвесторлор менен бирге эт иштетүү тармагында 127 миллион долларга долбоор баштоону көздөп турат. Анын ичинде кытайлык капиталдын катышуусундагы долбоор да бар.

Автор Тажикстан жана Кыргызстандан Кытайга экспорттун көбөйгөнү байкалбаганын, бул көрүнүш ал өлкөлөрдүн жалпы экспорттук көрсөткүчтөрдүн чабалдыгын чагылдырат деген пикирин ортого салат.

Материалда Кыргызстанга өзгөчө көңүл бурулуп, кытайлык ишканалар көп учурда зомбулук жана опузалоого туш болушары, былтыр февралда Ат-Башыдагы логистикалык борбор куруу келишими жокко чыгарылганы баяндалат. Ошондой эле Орусиядагы эмгек мигранттарынын акча которууларынан көз каранды экономиканы диверсификациялоо мүмкүнчүлүгү колдон чыкканы белгиленет.

Ван дер Клей ошол эле маалда борбор азиялык өндүрүүчүлөр эки чоң проблемага туш болгонун жазат. Кытай эң чоң рынок болгондуктан, көпчүлүк сегменттерде башка ири эспортер мамлекеттер бекем орун алып алышкан. Экинчи жагынан товар жеткирүү үчүн логистикалык кыйынчылыктар бар деп жыйынтыкталат макала.

XS
SM
MD
LG