Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Бөрүбашев: Баш мыйзам долбоору 90% өзгөрдү, биринчи жолу ал кыргызча жазылды


Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

Конституциялык кеңешме карап чыккандан кийин Баш мыйзамдын долбоорундагы беренелердин дээрлик 90% өзгөрүүгө учурады. Бул тууралуу 10-февралда “Азаттык” радиосуна кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын айтымында, долбоордун парламент сунуштаган концепциясы жана структурасы өзгөргөн жок, жалпысынан миңге жакын сунуш келип түштү:

“5-бөлүмдү бир аз узарттык, анын өз себеби бар. Ал эми калган бардык беренелер боюнча сунуштарды угуп, өзүбүздүн оюбуз менен талкуулап, бардык беренелер боюнча негизинен жаңы өзгөрүү киргизип чыктык. 100 процент деп айтпасам да 90 процент өзгөртүүгө учурады. Терминдер, жоболор өзгөрүшү, башка бир принциптер кириши мүмкүн. Илимий жактан иштелип чыкты. Биринчиден, алгачкы жолу Баш мыйзамдын долбоору кыргызча жазылып жатат. Экинчиден, бирөөнөн көчүрүп алган жокпуз".

Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын сексен депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн конституциялык кеңешме түзүлгөн. Ошол эле дата (2020-жылдын 17-ноябры) менен конституциялык кеңешме жакында эле иштеп чыккан Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлганы белгилүү болду. Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун үстүндө эки айдан ашуун иштеген конституциялык кеңешме 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген. Аталган кеңешме президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген бул долбоорду 27-январда кабыл алган.

Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун кароого 17-февралда киришет. Бул тууралуу 10-февралда парламенттин жалпы жыйынында төрага Талант Мамытов билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG