Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:34

УКМК: Бюджеттик акчага курулуш жүргүзүүчү департаменттин жетекчиси кармалды


Бишкектеги курулуштардын бири.
Бишкектеги курулуштардын бири.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба агенттигиндеги коррупциялык иштин бети ачылганын 11-февралда маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, агенттиктин карамагындагы Турак жай, жарандык курулуш департаментинин жетекчиси менен инвестициялык долбоорлорду башкаруу тобунун директору кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Аталган департамент бюджеттик каражаттын эсебинен жеке ишканаларга буюртма берип, мамлекеттик турак жай куруу, социалдык объектилерди оңдоп-түзөө ишин аткарат.

Кармалган жетекчилер бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген, курулуш компанияларынан пара алып, мамлекеттик объектилерден иш бөлүштүрүп берген деп шек саналууда.

Менчик курулуш компаниясынын өкүлдөрү жетекчилерге 1 миллион 400 миң сом берип жатып кармалганы маалымдалды.

Турак жай жарандык курулуш департаментинин расмий сайтында директор катары Адилет Абдыкадыров көрсөтүлгөн. Мекеменин өкүлдөрү "Азаттыкка" Абдыкадыров директор экенин ырастап, кармалганы тууралуу маалымат же башка комментарий берген жок.

Департамент оорукана, мектеп сыяктуу социалдык имараттардын курулушун, ремонтун ишке ашырат. (BCh)

XS
SM
MD
LG