Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чарасы өтүп жатат


Уланбек Эгизбаев тууралуу "Азаттык" радиосу чыгарган китеп.
Уланбек Эгизбаев тууралуу "Азаттык" радиосу чыгарган китеп.

Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында бүгүн, 11-февралда иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевге арналган «Уландын иши уланат» аттуу эскерүү иш-чарасы өтүп жатат.

Маркум журналисттин жаркын элесине арналган иш-чараны "Уланбек Эгизбаев атындагы жаштар бирикмеси” уюштурду.

Эскерүү кечесине Эгизбаевдин апасы, жубайы, жакындары, кесиптештери, экс-президент Роза Отунбаева, чыгармачыл адамдар жана активист жаштар катышып, анын эмгектери кийинки жаштарга үлгү болорун белгилешти.

Чыгаан журналист көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 31 жашка чыкмак.

«Азаттык» радиосунун таланттуу иликтөөчү кабарчысы Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. (AiA)

XS
SM
MD
LG