Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

COVID-19 инфекциясы 3 896 баладан аныкталды


Реанимацияда жаткан балдар.
Реанимацияда жаткан балдар.

Кыргызстанда коронавирус март айынан бери 3 896 балага жукту.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, алардын 2 464ү мектеп окуучусу, 1 432си мектепке чейинки жаштагы балдар. Окуу процесси башталгандан тартып 2020-жылдын ноябрь айында вирус 320 мектеп окуучусуна жуккан.

Декабрда ооругандардын саны 1,5 эсе кыскарып, 214 учур болгон. Январда 109 балага коронавирустун ПЧР тести тастыкталган диагнозу коюлду.

Январь, февраль айларында сасык тумоо жана пневмонияга чалдыккан балдар көбөйгөнүн өлкөнүн башкы педиатры, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев "Азаттыкка" маалымдаган.

Азыркы тапта пневмония диагнозу менен 150дөн ашык бала ооруканада дарыланууда.

Жыйырмадан ашык наристенин абалы оор, реанимацияда жатат. Мындан тышкары коронавирус козгору айтылган Кавасаки синдромуна окшош дартына чалдыкты деген шек менен отузга жакын бала катталып, он бешинен бул диагноз тастыкталган.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус оорусунан өлүмгө учураган балдар жок экенин айтып келет. Бирок "Азаттык" радиосунун "Пандемия: кимдерди жоготтук" долбооруна бир жарым жаштагы наристенин ысымы кошулган. Анын ата-энеси бала COVID-19дун айынан чарчап калганын айтышкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG