Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Адвокат: Сегизбаев бир гана иш боюнча айыпталууда


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге бир гана айып боюнча кабарлама тапшырылган. Бул тууралуу 11-февралда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда анын адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди:

“Азырынча ага бир гана иш боюнча кабарлама тапшырылган. “Белизгейт” боюнча. Башка эч кандай кабарлама болгон эмес”.

9-февралда “Азаттык” радиосуна башкы прокурор Курманкул Зулушев Сегизбаевдин үстүнөн беш кылмыш иши тергелип жатканын, алтынчы иш да бар экенин айткан.

Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") негизинде кармалганы айтылып, 25-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

2016-жылы Сегизбаев Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары боюнча Белизден келген документтер ыкчам маалыматтардын арты менен табылды десе, “Ата Мекен” фракциясы жасалма жана бурмаланган документтер аркылуу каралоо операциясы жүрүп жатканын билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG