Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

ДССУ: "AstraZeneca" вакцинасы коопсуз


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эмдөө боюнча адистери Оксфорд университети менен "AstraZeneca" компаниясы биргелешип өндүргөн вакцинаны кеңири колдонууга болот деген кеңеш беришти. Алар бул вакцина коопсуз жана натыйжалуу деген тыянакка келишкен.

Алдын ала сыноолор вакцина вирустун Түштүк Африкада табылган штаммына каршы анча натыйжалуу эмес экенин көргөзгөн.

Эмки жумада дүйнөлүк уюм вакцинаны чукул пайдаланууну жактырат деп күтүлүүдө. "AstraZenecaнын" препараты COVAX глобалдык программасынын алкагында жакыр өлкөлөргө жеткирилүүгө тийиш. Бирок ага чейин уруксат алуу зарыл.

Буга чейин бир нече өлкөдө бул вакцинаны улгайган адамдарга сайса болобу жана жаңы штаммга туруштук береби? деген маселе козголгон.

ДССУнун эксперттери 65 жаштан улуу карыяларга таасири жөнүндө маалымат жетиштүү болбосо да, вакцина ал топтогу адамдарды илдеттен коргошу керек деген жыйынтыкка келди. Адистер "AstraZeneca" менен жаңы штаммдар табылган аймактарда да эмдесе болорун билдиришти.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 илдетине каршы "AstraZeneca" вакцинасын колдонорун өткөн жумада кабарлаган. Эмдөө март айында башталат.

XS
SM
MD
LG