Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

СОVID-19: Кыргызстанда эмдөө мартта башталат


«AstraZeneca» компаниясынын вакцинасы
«AstraZeneca» компаниясынын вакцинасы

Кыргызстан коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасын тандады.

Март айынын башында келчү дары алгач дарыгерлер менен мугалимдерге сайылмакчы. Калкты жапырт эмдөө планга жараша акырындык менен ишке ашышы мүмкүн. Ошол эле маалда дүйнөдө вакцина чыгарган мамлекеттер ортосунда таасир талаш кызыды.

Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 илдетине каршы эмдөө жүргүзүүнүн улуттук планын иштеп чыкты. Ага ылайык Кыргызстан Британияда өндүрүлгөн «AstraZeneca» вакцинасын колдонмой болду.

SARS-CoV-2 вирусу козгогон коронавирус инфекциясын алдын алуу үчүн бул вакцина колдонууга уруксат берилген дары-дармектердин атайын тизмесине киргизилген.

Ошондой эле Кыргызстанды каттоодон өткөрүүгө документтерди даярдоо үчүн «СпутникV» вакцинасынын өндүрүүчүлөрү менен да сүйлөшүү жүрүп жатат.

Министрликтин маалыматы боюнча Кыргызстанга «AstraZeneca» вакцинасынын 504 миң дозасы март айынын башында келери пландалууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова эмдөөнүн жүрүшү тууралуу буларды айтты:

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун COVAX механизминин алкагындагы портфелине кирген «AstraZeneca» вакцинасынын 504 миң дозасын алып келүүгө кат жолдонгон. Болжол менен бул вакцина Кыргызстанга март айында эки бөлүк менен келиши күтүлүүдө. Муну менен калктын 20% эмделет. Алгачкы эмдөө иштери Чүй облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында жүрөт. Эмдөө процессинде ыкчам байкоо жүргүзүлөт. Анын натыйжасы менен республиканын бардык аймактарынын жашоочуларын эмдейбиз».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, коронавируска каршы акысыз эмдөө үч этап менен жүрөт.

Эмдөөнүн 1-этабы:

  • Инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу жогору «Кызыл зонада» жана үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда иштеген медициналык кызматкерлер;
  • Оорулардын оор формасын пайда кылуу же өлүмгө алып келүү тобокелдиги жогору интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнүн жана Тез жардам кызматынын дарыгерлери;
  • Узак мөөнөттөгү кам көрүү мекемелеринин кызматкерлери жана жумушчулары;
  • Оорунун күчөп кетүү тобокелдиги жогору социалдык демографиялык топтор;
  • Билим берүү мекемелеринин мугалимдери;
  • Укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери;
  • Тейлөө чөйрөсүндө жана коомдук тамактануу жайларында иштегендер.

2-этап.

  • Эмдөө жүргүзүүнү пландаштырууда 60 жаштан жогорку курактагы адамдар.
  • Өнөкөт оорусу жана клиникалык тобокел факторлору бар 60 жашка чейинки адамдар.
  • Калктын аялуу катмарлары.

Ал эми 3-этап калктын арасында улантылып, мамлекеттин жана донорлордун эсебинен жүрөт.

Министрликтин маалыматы боюнча эмдөө иши ыктыярдуу түрдө жүзөгө ашат. Бирок аталган илдетке каршы эмдөөдөн өтүү боюнча элдин пикири бир кылка эмес.

Буга чейин Кыргызстанга глобалдык COVAX альянсынын алкагында коронавируска каршы «Pfizer/BioNTech» вакцинасы сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок экенин билдирген.

Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев Кыргызстан тандаган "AstraZeneca" вакцинасы тууралуу буларды айтты:

«"СпутникV", "Pfizer", "Moderna" деген үч вакцина эң жакшы деп табылган. Алардын таасири 90% өйдө болот деп табылган. Ал эми "AstraZeneca" вакцинасынын таасири 62% деп изилденген. Башкача айтканда, 10 кишини эмдесе, анын алтоосунда гана иммунитет пайда болот. Бирок бул вакцинаны деле алышыбыз керек. Кыргызстан өз алдынча вакциналарга карата изилдөөлөрдү өткөргөн эмес. Башка өлкөлөрдүн иликтөөсүнө таянып жатабыз. Кытай чыгарган бир-эки вакцина бар. Алардыкы да "AstraZeneca" сыяктуу таасири 60%».

Султангазиевдин айтымында, Кыргызстан өз алдынча вакциналарга карата изилдөөлөрдү жүргүзгөн эмес.

Бир апта мурда өкмөт Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну болушу мүмкүн экенин эскерткен.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 3-февралда парламент жыйынында вирустун жаңы штаммына каршы турууга аракет кылып жатканын билдирген.

«Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну октябрь-декабрь айларында өтүп кетти. Эми үчүнчү толкунга даярдык көрүп жатабыз. Алгоритм бар. Даярдык жетиштүү».

Кыргызстандыктар пандемияны кенебей жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:33 0:00
Түз линк

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы 2020-жылдын март айында башталган. Бул илдет дээрлик 85 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңге жакыны каза болду.

Орусия менен Кытайдын вакцинасына кызыгуу күч

Ал арада Орусия менен Кытай Евразия өлкөлөрүнө өз вакцинасын сунуштай баштады. Бул тууралуу «Эркин Европа/ Азаттык» радиосунун кабарчысы Рид Стендиш жазган макаланы сунуштайбыз.

Жаңы изилдөө коронавируска каршы чукул базарга чыгарылган орустун «СпутникV» вакцинасына карата айтылган сынды азайтты. Ошол эле маалда жаңы дарыны алууга куштар өлкөлөр вакцинага келгенде толгон-токой логистикалык жана саясий проблемаларга кабылды.

«СпутникV» вакцинасынын клиникалык сыноолорунун үчүнчү фазасынын ортолук жыйынтыктары эл аралык медициналык "Lancet" журналына 2-февралда жарыяланды. Анда COVID-19 дартына каршы колдонууда натыйжалуулугу 91,6% жетээрин оорунун оор түрүнө, ошондой эле ырааттуу жайылышына жол бербей тургандыгы аныкталганы жазылган.

Мындай жыйынтык батыш өндүрүшүнөн чыккан вакциналардын натыйжасына жакын экенин билдирет.

Анткен менен изилдөө бир топторду ойлонто турган олуттуу маселеге - орусиялык вакцина вирустун жайылышын толук токтото алабы деген суроого так жооп бере албады. Ошол эле кезде клиникалык сыноолор аягына чыга электе «СпутникV» вакцинасынын базарга чыгарылышынан улам пайда болгон кооптонуулар менен бүдөмүк суроолорго чекит коюлду.

«Вакцинаны эрте чыгарып, ыкчам жайылтууга жасалган аракет бир топ суроолорду жараткан, көптөрдү кабатырланткан, анын баарын "Lancet" журналында жарыяланган маалыматтар кооптонууга негиз жок экенин ырастап берүүгө жарайт. Орусия өзү гана чыгарган вакцинага ишенди, андай аракети, менимче, дурус эле акталды окшойт», - деп айтты «Эркин Европа/ Азаттык» радиосундагы маегинде Британиянын Лестер университетинин вирусологу Жулиан Танг.

Жаңы изилдөө COVID-19 апаатына каршы турчу жөнөкөй жана натыйжалуу вакцинаны иштеп чыгуу жана таратуу атаандаштыгы жаңы деңгээлге көтөрүлүп калган чакта жарыяланды.

"AstraZeneca", "Moderna" менен "Pfizer/BioNTech" сындуу Батыштын фармацевтикалык фирмалары менен удаа чыккан кытайлык "Sinovac" жана "Sinopharm", ошондой эле орусиялык "Спутник V" вакциналары дал ушул маалда кыйла өтүмдүү позицияны ээлеп, чоң базардын өтүмдүү товарына айланышты.

Вакцина жана бюрократия

Бирок көпчүлүк өкмөттөрдүн көшөгөнүн артындагы аягы билинбеген оюндары даяр дарыларды жеткирүүдөн тартып, толгон-токой мурда-кийин эске алынбаган проблемаларды жаратты.

Анын ичинде дарыны чыгарууну токтотуп коюудан баштап жеткирип, бөлүштүрүп берүүгө чейинки тоскоолдуктар бар. Мунун баары чогулуп келип жалпы иште ачык-айкындык болушун, жаап-жашыруулардын кереги жоктугун, анан да кимдир бирөөлөр жок жерден тобокелдиктерди жаратып жатканын айгинелеп койду.

Алдагыдай абал орусиялык жана кытайлык вакциналардын глобалдык масштабда ыкчам таралышына шарт түзүүдө, эмдөөдө аларды колдонуунун залакасы кандай болот суроосуна карабай, ал дарылар көп жерлерге тарап жатат.

«Кытай менен Орусия вакцинаны колдонууга уруксат берүүнү маалынан эрте жасашты. Алар жагдайдын татаалдыгынан улам келип чыккан боштукту ээлеп калгылары келди. Батышта эмдөөнү ыкчам киргизүүгө шашылбай, улуттук өзүмчүлдүк үстөмдүк кылып кетти», - дейт "Эркин Европа/ Азаттык" радиосунун кабарчысына берген интервьюсунда Виржиния биримдиги университетинин Глобалдык коомдун саламаттык сактоо маселелери боюнча эксперти Жуди Твигг.

Бюрократиялык тоскоолдуктар айынан Европа Биримдиги рыногуна вакцина ыкчам кире албай калды. Анын үстүнө так ошол маалда Брюссель менен "AstraZeneca" компаниясынын аягы көрүнбөгөн талашы чыгып, фармацевтикалык гигант өндүрүштүк проблемалардан улам дарыларды ташып жеткирүүнү азайта турганын билдирип отуруп алды.

Европа Биримдиги дарыларды чыгарчу компания макулдашууда көрсөтүлгөн милдетин так аткарышы керектигин талап кылып, биримдик ичинде чыкчу дарыларды сыртка чыгарууну өзү көзөмөлгө аларын ырастоодо.

Ал арада өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн керектүү дарыны маалында алуу жөндөм, мүмкүнчүлүгү суроо жаратууда. Ага карабай Чыгыш Европа, Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азиянын бир топ өлкөлөрү эмдөө программаларын даярдап, даяр вакциналар келип калабы деп үмүт артып отурушат.

Бирок жагдай алар ойлогондой жеңил эмес. Алдыда кыйла сыноолор күтүп турат.

Бул өлкөлөрдүн көбү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) COVAX деген программасына катышууда, ага ылайык жакыр өлкөлөргө вакцина сатып алууга 2 миллиард доллар акча бөлүнгөн.

Бирок ал өлкөлөрдүн калкына жетиштүү дарыларды чыгарып, толук камсыз кылууга бир топ жылдар кетет. "Economist Intelligence Unit" аналитикалык тобунун быйыл январдын этегинде жарыялаган документинде бул чөлкөмдөрдү вакцина менен толук камсыз кылуу, эмдөөнү өткөрүү иштери бери дегенде 2023-жылдан тарта башталышы ыктымал.

«Коомдук саламаттык сактоо көз карашынан, саясий жагынан алганда деле вакцина жетишпестиги деген бар. Орусия менен Кытай ошол боштукту ээлеп алабыз деп өрөпкүп турушат», - дейт Твигг.

Боштукту толтуруу

Башында бир топ бүдөмүк суроолор болгону менен, кийинки кездери "СпутникV" вакцинасына суроо-талап ыкчам көбөйүүдө.

Ушу кезге чейин орусиялык вакцинаны сатып алууга дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү даяр, калганы дарыны чыгарууга лицензия сатып алуу камында жүрүшөт.

«Орусия сыноонун үчүнчү этабы баштала электе вакцинаны жактырып, өндүрүшүн баштап жиберди, жасап жаткан иштерин жашыруун кармады. Мындай аракети көпчүлүктүн вакцинага ишенбестигин пайда кылды, бир топ убакыт өзү менен өзү болуп эле жатты. Эми жыйынтыгы чыкканда алардын "Lancet" журналына берген маалыматтары кызылдай калп деп элестетиш кыйын. Эл аралык адистерден турган топтордун кылдат эксперттик талдоосунун баасы чыкмайынча "Lancet" маалыматтарды жарыя кылбайт», - деди Твигг.

"Sinovac Biotech's" вакцинасы. Бразилия.
"Sinovac Biotech's" вакцинасы. Бразилия.

Ушу кезге чейин Беларус, Казакстан менен Түркия «Спутник V» вакцинасын чыгаруу жана иштеп чыгуу боюнча келишимдерге кол коюшту. Батыштын вакциналарын жактырбаган Иран да орустун дарысын жактырып, колдонууга уруксат берди. Вакцинанын чыгарылышына жана дүйнөлүк соода базарда сатылышына жоопкер орусиялык Тикелей инвестициялар фондунун маалымдашынча, вакцинаны Индия, Түштүк Корея, Бразилия жана Кытай да чыгара баштайт.

Борбор Азиядагы абал

Мындан жарым жыл илгери Орусия вакцина чыгарууга уруксат берип, калкын жалпы эмдөөнү баштаган чакта вакцинаны сыноонун үчүнчү фазасынын жыйынтыктары чыга элек болчу. Буга окумуштуулар камтама болуп, иштин жашыруун жасалып жатканына кабатырлыгын билдиришкен.

Бирок ага карабастан «СпутникV» вакцинасын сыноонун үчүнчү фазасынын жыйынтыктарынын чыгышы, ага кошулуп вакцинанын баасынын арзандыгы, ошондой эле, анын сакталышынын жеңилдиги, андайга катаал шарттардын коюлбашы - дарынын Евразия чөлкөмүндө кенен таралышына өбөлгө түзөрү бышык.

"Pfizer" менен "Moderna" вакциналарынан айырмаланып "СпутникV" менен кытайлыктар чыгарган эки вакцинаны сактоо жана ташып жеткирүү маалында өзгөчө суукту камсыз кылчу муздаткычтын кереги жок, жөнөкөй муздаткычта сактоого болот. Мына ушул шарт аларга логистикалык артыкчылык берет – жакыр өлкөлөрдө өтө суук шартта сактоочу муздаткычтар, муздакты кармоочу камералар да жок.

Борбор Азиянын айрым өкмөттөрү COVAX программасы аркылуу эле жетиштүү сандагы жарандарды эмдөөдөн өткөрүп алууну көздөөдө. Бирок аталган программа ага катышып аткан өлкө калкынын 20% гана эмдөөгө жетерлик вакцина сатып берүүгө эсептелген.

Ортолук боштукту толтуруш үчүн Кыргызстан менен Тажикстан «СпутникV» вакцинасын алууга жардам берүүнү сурап Орусияга кайрылды. “Азаттыктын” түркмөн редакциясынын маалымдашынча, буга чейин "коронавирус катталган жок" деп келген Түркмөнстан орусиялык вакцинаны сатып алды.

Өзбекстан COVAX программасына үмүт артып келген, ошол эле кезде декабрдан тарта кытайлык "Anhui Zhifei Longcom Biopharmaceutical" компаниясы чыгарган вакцинанын клиникалык үчүнчү фазасын сыноодон өткөрүүгө киришти.

Ошол эле учурда 220 миллион калкы бар Пакистан коңшулаш Кытайдын "Sinopharm" компаниясынын 500 миң дозасын белекке алып, эмдөөгө киришти. Исламабад жалгыз "Sinopharm" вакцинасын пайдаланууга уруксат бербестен, "AstraZeneca" менен "СпутникV" вакциналарын колдонууга да жол ачты.

Орусиядан Иранга «СпутникV» вакцинасын ташып келүү

Орусия менен Кытайдын вакциналары Европада да жактырылып, колдоого ээ болууда.

Германиянын канцлери Ангела Меркел эгер көзөмөл органдар жактырса "СпутникV" вакцинасы Европа Биримдигинде да колдонуларын билдирди. Германиянын саламаттык сактоо министри Йенс Спан Европада вакцина жетишсиздиги улана берсе, Орусия менен Кытайдын коронавируска каршы вакциналары деле колдонулушу мүмкүн экендигин кыйытты.

ЕБ мүчөсү Венгрия Sinopharm вакцинасын жактырды, 2-февралдан тарта "СпутникV" вакцинасын ала баштады, анын биринчи партиясынын — 40 миң дозасы келди. 7 миллион калкы бар Сербия калкын эмдөө жагынан Европа чөлкөмүндө Британиядан кийинки экинчи оруда турган өлкө. Ал да батыштан чыккан вакциналар менен катар орустун, кытайдын дарыларын колдонууга кызыкдар.

Эмдөөнүн соңку кабатырлыгы

"СпутникV" вакцинасынын "Lancet" тарабынан жактырылышы буга чейинки кооптонууларды кыйла жумшартканы менен, кытайлык вакцина менен эмдөөнүн натыйжасы кандай болору дагы деле көптөрдү чочулатууда.

"Sinovac" маалыматтарына негизделген иликтөө "Lancet" журналына жарыяланган, бирок, анда дарыны сыноонун биринчи жана экинчи фазаларынын жыйынтыктары тууралуу гана маалыматтар камтылган.

"Sinovac" дагы "Sinopharm" дагы сыноонун үчүнчү фазасынын жыйынтыктарын жарыя кылыша элек, эки компания ага карабастан ДССУ маалыматтарын берип, маселени кароого коюшкан, башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Кытайдын көзөмөл органдары тарабынан колдонууга уруксат алышкан.

Азырынча "Sinovac" кыязы, туура жолдо баратат, сыноонун соңку этаптарында ал бир топ натыйжаларга жеткенин ырастады. Ал ортодо Түркия менен Индонезиядан алынган маалыматтар вакцинанын натыйжалуулугу 91,25 пайыздан 65,3 пайызга чейинки көрсөткүчтү камсыз кыларын ырастады.

Бразилиялык изилдөөчүлөр мурдараак вакцинанын натыйжалуулугу клиникалык сыноодо 78% түзөрүн ырастап келсе, январда алар бул көрсөткүчтү дагы тактап, натыйжалуулук 50,4 пайызга жетерин айтып, мындай бүтүмгө кошумча маалыматтарды алгандан кийин келишкенин ырастоого өтүштү.

«Кытайлык вакцина тууралуу маалыматтар дагы деле жок. Башында Орусия маалыматын жашырбай айтып келген, Кытайдан андай ишарат байкалбады, азыноолок маалымат менен чектелишти», - дейт Твигг.

Декабрдын аягында "Sinopharm" вакцинасын жасачулар үчүнчү фазанын ортолук сыноосу дарынын натыйжалуулугу 79 пайызга жетери ырасталганын билдиришкен. Мындай көрсөткүч "Pfizer" менен "Moderna" вакцинасы боюнча эмдөөлөрдөн кыйла төмөн, анткен менен, башында белгиленеген төмөнкү босогодон кыйла жогору.

Кандайынан келгенде да, "Lancet" журналы жарыялаган "СпутникV" вакцинасындай толук маалымат кытайлыктар чыгарып жаткан бир да вакцинада жок.

Айрым эксперттердин ырасташынча, кытайлык вакциналарды сыноонун натыйжалары тууралуу маалыматтардын жоктугу, бул иштин ачык жасалбай, жашыруун катылып жатышы адистер арасында ишенбөөчүлүктү жаратууда. Айрымдары ал вакциналардын натыйжалуулугунун төмөндүгү дарыларды ачык чыгарууга жол бербей жатат деп ойлошот.

«Вакцинаны чыгарып жаткан өлкөнүн кандайлыгы да маанилүү, экөөнү ажыратып кароо мүмкүн эмес. Бирок, артка бир кадам таштап, башкасын коюп илимдин өзүнө карагыла, мындан кандайдыр бир олуттуу кошумча натыйжаны деле көрбөй турам», - дейт Лестер университетинин илимпозу Танг.

XS
SM
MD
LG