Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Өкмөт: Коронавирустун «үчүнчү толкуну» болушу мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну болушу мүмкүн экенин эскертти. Ал үчүн даярдыктар көрүлүп жатканы маалымдалды. Бирок Кыргызстанда бул илдетке каршы вакцина алуу маселеси чечиле элек.

30-январда өкмөттө COVID-19 илдети боюнча илимий-консультативдик кеңештин мүчөлөрү менен жыйын өттү. Анда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева адистер менен илдеттин "үчүнчү толкунуна" даярдыктарды талкуулады.

«Саламаттык сактоо уюмдарынын коронавирус инфекциясынын ыктымалдуу "үчүнчү толкунуна" толук даярдыгын камсыздоо зарыл. Мында негизги жана резервдик орундарды даярдоо, медкызматкерлерди COVID-19дун алдын-алуу, дарылоого үйрөтүү жана кайрадан окутуу, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасын түзүү керек», - деп жазылат маалыматта.

Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйында тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилгенин билдирди. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев даярдыктар тууралуу буларды айтты:

«Республика боюнча 25 миң орун бар. Ооруканаларда орундар жетиштүү. Кудай сактасын деп турабыз. Күндүзгү стационар ачууга зарылчылык жок. Кырдаал кескин курчуп кетпесе эле дары жетиштүү болот. Дарыгерлерди окутуп, даярдадык».

Ал арада коңшу Өзбекстанда коронавирустун жаңы штаммы (түрү) аныкталган алгачкы адам катталганы белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, COVID-19дун жаңы түрү 23-январда Өзбекстанга Дубайдан үй-бүлөсү менен учуп келген 10 жаштагы кыздан табылган. Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн коронавирус аныкталбагандыктан алар үй карантинге гана алынган. Учурда кыздын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Вирусолог Зуридин Нурматов COVID-19дун жаңы түрү Кыргызстанда да катталышы мүмкүн экенин айтты. Ал вирустун жайылышы жана тобокелчиликтери тууралуу буларды айтты:

«Бул вирус Кыргызстанга кирбей койбойт. Бирок коронавирустун бул түрү алгачкы ПЧР тесттен чыкпайт. Адам башка өлкөдөн келгенден кийин гана бир топ күн өткөндө аныкталат. Тез арада да жайылат экен. Муну Англиядагы практика көрсөттү».

Ушул күндөрү Кыргызстанда коронавирус илдети күн сайын 70-80 кишиден аныкталып жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1412 кишиге жетти. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 84 529 адам болду. Андан айыгып чыккандардын саны - 80 896. Учурда ооруп жаткандардын арасында өтө оор абалда жаткандары бар.

COVID-19 илдети мындан дагы күчөсө ак халатчандардын саламаттыгы кайра күн тартибине чыгары бышык.

Коронавирус пандемиясынан бери Кыргызстанда расмий эсеп боюнча 93 медицина кызматкери вирустун курмандыгы болгон. 4000ден ашык медкызматкер бул илдетти жугузуп алган.

Саламаттык сактоо боюнча эксперт Бермет Барыктабасова өкмөт медкызматкерлерди илдеттен коргобосо, кырдаал кыйын болорун айтып эле келатат.

«Вирустун жаңы түрү оор болот, илдет күчөйт деп жатышпайбы. Бирок азыр ал аныктала элек. Эгер дарылоо боюнча уюштуруу иштери туура жүрсө оорунун кандай учкуну болбосун кыйынчылыгы жок өткөрсө болот. Ал эми былтыр июль айындагы кырдаал уюштуруу иштери чабал болгондуктан оор өттү. Жоготуулар көп болду».

Сурабалдиева: «Pfizer» вакцинасын алууга шартыбыз жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:36 0:00

2020-жылы Кыргызстан коронавируска каршы 1 миллион 200 миң вакцина алыш үчүн эмдөө боюнча глобалдык COVAX тутумуна кайрылып, колдоо тапкан. Ага ылайык Кыргызстандын 20% калкы эмделмек. Бул багытта өлкөгө «Pfizer/BioNTech» компаниясы өндүргөн вакцина акысыз сунушталганы менен кыргыз өкмөтү «аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок болгондуктан алып келүү мүмкүн эмес» деп жаткан.

АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) Бишкектеги өкүлчүлүгү коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстанга 5 миллион доллардан ашуун каражат берилгенин, мындан ары да кызматташтык уланарын, бирок муздаткыч алып берүү маселеси карала элек экенин кабарлаган.

XS
SM
MD
LG