Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Венгрия «Sputnik V» вакцинасын сатып алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Венгрия Орусиядан коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын сатып алат. Тиешелүү келишимге кол койгон соң Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко жана Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто биргелешкен брифинг өткөрүштү. Венгер министри «абдан көп өлчөмдөгү» вакцина үч партия менен алынып келерин билдирди.

Венгрия Орусия өндүргөн вакцинаны колдончу алгачкы өлкө болуп калды. Европа Биримдигинин Дары-дармакке көзөмөл кылуу боюнча агенттиги «Sputnik V» вакцинасын Европанын аймагында колдонууга уруксат бере элек. Бул орган учурда коронавируска каршы «Pfizer-BioNTech» жана «Moderna» аттуу эки вакцинаны каттап, учурда Европа Биримдигине кирген бир нече өлкөдө эмдөөдө колдонулуп жатат.

Венгриянын бийлиги «Sputnik V» менен катар «AstraZeneca» вакцинасын колдонууга уруксат берген. «AstraZeneca» да Европанын аймагында колдонууга расмий уруксат ала элек.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан коронавируска каршы эмдөөнү тездетиш үчүн бир нече вакцинага уруксат берүу зарыл экенин айткан болчу.

XS
SM
MD
LG