Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Венгрия «Спутник-V» вакцинасы менен эмдөө өнөктүгүн баштады


Будапешттеги Аскердик ооруканада орус вакцинасы менен эмдөө башталды. 2021-жылдын 12-февралы
Будапешттеги Аскердик ооруканада орус вакцинасы менен эмдөө башталды. 2021-жылдын 12-февралы

12-февралда Венгриянын башкы дарыгери Сесилия Мюлер орустардын «Спутник-V» вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү башталарын жарыялады. Муну менен Венгрия Евробиримдиктеги орустардын вакцинасын колдонгон алгачкы мамлекет болуп калды.

Венгрия өткөн айда Евробиримдиктин дары-дармектер боюнча агенттигинин уруксатын күтпөстөн эки миллион доза орус вакцинасына буйрутма берген.

Будапешт ошондой эле шаркетке мүчө 27 мамлекеттин арасынан айырмаланып, Кытайдын «Синофарм» вакцинасына уруксат берип, беш миллион доза заказ кылган.

Венгрия Брюссель менен миграция темасына байланыштуу бир пикирге келе албай келет. Ошондой эле Будапешт бир нече ирет шаркет жетекчилигин вакцина сатып алуу жараяны создугуп жатканына байланыштуу сынга алган.

«Биз Брюсселдин уруксатын күтүп жаткан маалда күн сайын жүз адамдан айрылып жатабыз», - деди Виктор Орбан 12-февралда мамлекеттик радиого курган маегинде.

Соңку бир суткада коронавирустан Венгрияда 100дөй киши көз жумду. Акыркы бир айда өлкө ооруканаларына бул илдет менен түшкөн адамдардын саны өстү. Орбан оорунун жайылышын коронавирустун мутацияланган түрүнөн көрүп жатат.

Венгрия ошондой эле «Pfizer/BioNTech» жана «Модерна» компанияларынын вакцинасын калкка сая баштаган. Болжол менен 300 миңдей адам, негизинен медкызматкерлери, улгайган адамдар вакцинанын биринчи дозасы менен эмделди.

Венгрияда тамактануучу жайлардын баарын ноябрдан бери жабык. Кечки саат сегизден баштап өлкө аймагында коменданттык саат.

XS
SM
MD
LG