Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

"Ош" базарында соода столунан түшпөй ыйлаган келинди аким кабыл алды


Аким Чынасыл Чыныбаев менен жолугушуу учурунда тартылган сүрөт.
Аким Чынасыл Чыныбаев менен жолугушуу учурунда тартылган сүрөт.

Бүгүн, 12-февралда Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев "Ош" базарынын аймагында соода кылган Алмакан аттуу келинди кабыл алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ленин райондук акимчилигинен кабарлашты.

Буга чейин ал келиндин "Ош" базарынын жанында соода кылган столун 10-февралда күч кызматкерлери салып кетип жатканда чыркырап ыйлаган видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкуу жараткан.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алмакан (фамилиясы такталган эмес) Ленин районунун тургуну экени, шаар ичинде туруктуу каттоосу жана тийиштүү документи жоктугу аныкталды.

Район башчысы келинге туруктуу каттого турууга, ким экенин тактоочу документтерин алууга жардам берерин жана мындан ары муниципалдык администрация ага социалдык жактан колдоо көрсөтөрүн билдирип, "Ош базарынын" ичинен соода орунун сунуштады.

"Ош", "Дордой" жана "Орто-Сай базарларынын айланасында мыйзамсыз соода кылгандарды тазалоого мэриянын алы жетпей, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылганын мэриянын буга чейинки жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирген.

5-февралда мэриянын чечимине каршы чыккан соодагерлер Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акциясын уюштурушкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG