Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Прокурор: Матраимов 16 761 машинанын ар биринен орточо 860 доллардан алган


Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов сот залында. 2021-жылдын 11-февралы
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов сот залында. 2021-жылдын 11-февралы

Коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алгандан кийин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго сот жаза катары 260 миң сом айып пул чегерди. Ал буга чейин мамлекетке келтирген зыяндын орду деп казынага 2 млрд. сом кайтарган. Сот өз өкүмүн ошону эске алуу менен чыгарды.

Мындан тышкары, судья тергөө учурунда Матраимовдун жана анын буга чейин камакка коюлган башка мүлктөрүн, банк эсептерин камактан бошотуп, анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасын жокко чыгаруу тууралуу да чечим кабыл алды.

Соттун өкүмү күчүнө кире элек. Прокуратура же айыпталуучу тарап өкүмгө каршы 30 күндүн ичинде арызданса болот. Азырынча Башкы прокуратура арыз жазаар-жазбасын айта элек.

Прокурордун билдирүүсү

11-февралдагы соттун жүрүшүндө прокурор Орозбек Бердибаев Райымбек Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында бажы тармагында коррупциялык схема түзгөнүн, Түштүк-Батыш жана Түндүк-Чыгыш бажыларынын башчылары Нурлан Ражабалиев, Абдыбахаб Боронбаев менен иш алып барганын айтты.

Мамлекеттик айыптоочунун маалыматы боюнча, Матраимовдор баштаган топ жүк ташыган ар бир машинеден 500дөн 1000 долларга чейин алып турган. Алар акчаны алгандан кийин жүк ташыган автоунаалардын чек арадан тоскоолдуксуз өтүшүнө шарт түзүлгөн.

«Бажы декларациясынан алынган маалыматтар боюнча, 2015-жылдын январь айынан тарта 2017-жылдын декабрына чейин Кыргызстандын аймагына “Эркечтам” өткөрмө пункту аркылуу транзит режиминде жүк ташыган машинелердин саны төмөндөгүдөй болгон: 2015-жылы - 4 298 жүк ташуучу автоунаа, 2016-жылы - 7 714, 2017-жылы – 4 749. Жыйынтыгында жүк ташыган машинелердин саны 16 761 болууда. Ар бир машинеден орточо 860 доллар алынып турганын эске алганда, Матраимов мыйзамсыз жол менен 2 млрд. сом өлчөмүндөгү каражатка ээ болгон. Ошол эле маалда Боронбаев 8 млн. сом, Ражабалииев болсо 12 млн. сом алган», - деди прокурор Орозбек Бердибаев.


Прокурор өз сөзүндө Матраимов мыйзамсыз жол менен алган акчасына кыймылсыз мүлк алганын кошумчалап, алардын дарегин да ачыктады.

Райымбек Матраимов күнөөсүн моюнуна алганы менен, ал түзгөн коррупциялык схема боюнча суроолор ачык бойдон калды. Бажы кызматы дагы бул суроого жооп бере элек.

Матраимов иши: Эркиндиктин баасы 260 миң сом
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:44 0:00

Ал арада бажыдагы иштерден кабары бар адамдардын бир бөлүгү аткезчилик азыр да иштеп жатканын, бул тармакта системалуу өзгөрүү болбогону айтышууда.

Эски схема иштеп жатат

Көз карандысыз журналист Али Токтакунов Матраимовдун иштери азыр деле өнүгүп жатканына токтолду:

Али Токтакунов
Али Токтакунов

«Бүгүнкү күндө дагы Матраимовдор рейдерлик жол менен тартып алган кирешелүү бажы терминалдарын иштетип жатышпайбы. Матраимовдун туугандары, жек-жаат, достору бажыдан кеткен жок. Анын коррупциялык схемасы талкаланбады. Эми тескерисинче гүлдөп-өнүгүшүнө жол ачылды. Буга бүгүнкү соттун чечими далил».

Искендер Матраимов
Искендер Матраимов

11-февралдагы соттун өкүмүнөн кийин Матраимов өзү комментарий берүүдөн баш тартты. Аны басма сөз, социалдык тармакта колдоп жүргөндөрдөн да пикир алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Буга чейин болсо Матраимовдун бир тууган агасы, парламент депутаты Искендер Матраимов инисинин дарегине айтылган дооматтарды бир нече жолу четке каккан. 2020-жылдын сентябрь айында депутат Матраимов инисин бажы тармагындагы коррупцияга айыптагандарды "курулай каралоо" деп баалаган болчу:

«Райымбек Матраимов үч жылдан бери мамлекеттик кызматта иштебейт. Жумуштан туура эмес алынганын соттон тастыктап, бирок кызматка кайтып келген эмес. Бардык нерсени жабыштыра берген туурабы? Кудайды караш керек».

Райымбек Матраимов жаңы кармалганда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары түзгөн схемага 40 киши тартылганын, алардын тек-жайы жана жүргөн жери аныкталганын, бул тизме дагы узарышы мүмкүн экенин билдирген эле. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрдагы маалымат жыйынында Матраимов боюнча башка иштер бар экенин айткан:

«Матраимов боюнча териштирүү аяктай элек. Матраимовдун биздин мамлекетибиздин ичинде жасаган иштери боюнча иш иликтенип бүттү. Биз аны жакынкы убакытта сотко жөнөтөбүз. Эми Матраимовдун Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Орусия мамлекеттери менен байланыштуу жасаган аткезчилик боюнча кылмыш иштерин тергей баштадык. Эми сырт жакка чыгабыз. Анын башка өлкөлөрдөгү – Дубайдагы, Америкадагы, Европадагы, Азия өлкөлөрүндөгү мүлкү текшерилет. Эгер тиешеси бар болсо, мыйзамдуу чара көрүлөт. Ал үй камагында калат. Аны колубуздан чыгарбайбыз».

Биринчи май райондук соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин Матраимовдун өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы күчүн жоготот.

Ошону менен катар Матраимовдун мүлкү жана банк эсептери камактан чыгарылмай болду. Президент Садыр Жапаров октябрь окуяларынан кийин Матраимов камала турганын билдирген эле.


Мындан тышкары коррупциялык схемага катыштыгы бар делген башка адамдардын ысымы атала элек. Алардын Бажы кызматынан кеткен-кетпегени да белгисиз. Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков бул боюнча төмөндөгүдөй пикирин айтты:

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

«Кандай болгон күндө дагы укук коргоо органдары Матраимовдун схемасына аралашкан кызмат адамдардын бардыгын жумуштан алыш керек. Азыркы учурда Райымбек Матраимовдон алынган акчанын көлөмү жана аны менен чогуу шугулданган адамдардын ысымы аталбай жатканына нааразы болгондор көп. Бийлик элдин пикирин эске алуу менен Матраимов боюнча иштерди толугу менен иликтеп, аны сотко алып барууга аракет жасашы керек».

2019-жылдан бери «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги биргелешип бир катар журналисттик иликтөөлөрдү жарыялаган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов 20-октябрда кармалып, ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген.

Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган. АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG