Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:19

Сотто: Кайтарылчу акчамды тим эле койгула!


 Кийгени “кундуз” тебетей... Kimbaike. 23.7.2011.
Кийгени “кундуз” тебетей... Kimbaike. 23.7.2011.

“Күлкү кербени” жемкорлукка айыпталып келген бир мурдагы бажычы жана жалпы жемкорлук тууралуу азилдердин шиңгилин сунуштайт.



* * * * * * *
– Алиги мурдагы бажычы сотто 260 миң сомго айыппулга жыгылыптыр го?
– Ооба, миллиарддаган сом акча жеген эргул сотко дароо 300 миң сом бериптир да, калган акчасын кайтарып эч убара болбогула, (“сдачаны”) тим эле койгула, байболгурлар! – дептир.
* * * * * * *
– Эки миллиард сомду канча убакытта табаар элең?
– Азыркы 9 миң сомдук мугалимдик ишимде маянамды тамак-аш ичпей чогултсам, 18 миң 518 жылда оп-оңой чогулта алам.
– Бажыда иштесеңчи?
– Анда ал акчаны ыктыярым менен эле мамлекетке төгүп бермекмин. Калганы деле өзүмдүн Амандам экөөбүзгө жетмек.
* * * * * * *
– АА менен СЖ эмнеге араздашып кетиптир?
– АА бажыдагы саан уйду “мал базарга тапшыралы”, десе, СЖ “жо-ок, өзүм эле ордо конушта саап ичем!” дептир, ошондон балээ башталыптыр!
* * * * * * *
– Мурдагы бажычы эмнеге көбүрөөк күйөт дешет?
– Ал акчалай колдогон партиялар шайлоодо татынакай эле жеңип өтүп кетсе, ыңкылап деген шайтаның бул шайлоо жыйынтыгын “жыдытып” салганына күйөт экен.
* * * * * * *

Кимбайке ардагерлердин пенсиясы тууралуу. 02.03.2011.
Кимбайке ардагерлердин пенсиясы тууралуу. 02.03.2011.


– Эми ит болбодумбу!
– И-и, эмне болуп кетти?
– Аманданы уулума өкүл эне кылып албадым беле?!.
– Ой, сен айткан Аманданын тиги бажычынын катынына кандайча тиешеси бар?
– Эми аты уйкаш экенин кантип улам-улам далилдеп отурабыз?
* * * * * * *
– Урматтуу сот, бул шайтан коңшусунун тоогун уурдап алыптыр!
– Үч жылга абак!
– Урматтуу сот, бул аткаминер бажыда кезинде миллиард сомду «ап этип» сугунуп какап калыптыр!
– Анча-мынчасын кустуруп, анан дароо тез-жардамга дарыгер чакырып, үч кабат үйүндө жылуу-жумшак дарылаткыла!
* * * * * * *
– Бир тоок уурдаса ким дейбиз?
– Ууру дейбиз.
– Ал эми миллиард тоок уурдасачы?
– Аны журт багаар дейбиз.
* * * * * * *
(Ар кыл интернет булактардан).
(TT)

XS
SM
MD
LG