Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Үй камагына үмүт арткандар жазадан кутулбайт


Райымбек Матраимов жана Курманкул Зулушев ("Азаттыктын" коллажы).
Райымбек Матраимов жана Курманкул Зулушев ("Азаттыктын" коллажы).

Башкы прокурор Курманкул Зулушев акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт деп билдирди. Зулушев кылмышка шектелип кармалгандардын келтирген чыгымдын бир бөлүгүн мамлекетке төлөп бергени - тергөө бүткөнчө үй камагында болуунун гана бир жолу экенин айтты.

Зулушев буга Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата сот иштери уланып жатканын мисал кылды.

Матраимовдун соту жабык өттү

Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупцияга байланыштуу иши боюнча сот иштери башталып, 9-февралдагы алгачкы отурум жабык өттү. Райымбек Матраимов сотко келгени менен журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Соттук процесс өтүп жаткан зал кишилердин, анын ичинен журналисттердин көптүгүнөн тардык кылды деген негиз менен отурум 18-февралга жылдырылды.

"Медиа полиси" уюмунун юристи Акмат Алагушев 10-февралда билдирүү таратып, алгачкы сот отурумун жабык кароого негиз болбогонун, журналисттер кененирээк залга өтүү шылтоосу менен чыгарылып, кайра кире албагандыктан коомдун кызыгуусун жараткан иш боюнча толук маалымат алуу укугунан ажыраганын белгиледи.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган.

УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү мекеме сот аркылуу кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган. Ал бул каражаттын 1 миллиард 400 миллион сомун акча менен, калганын бир соода борбору, тогуз батир менен төлөгөн.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында Матраимовго дагы жаңы кылмыш иши ачылганын билдирген.

Ошол эле маалда акыркы учурда мамлекеттин казынасына келтирилген чыгымдарды кайтарып, үй камагына чыккандардын катары калыңдоодо.

Маселен, буга чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурунку жетекчиси (Ю.Б.К.) мамлекетке келтирилген 11,7 млн. сом чыгымды толтурса, Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн миллион сом төлөп берген.

Бишкек-Ош жолундагы коррупциялык схемага байланыштуу шектүү катары кармалган Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев күнөөсүн мойнуна алып, бюджетке 2,5 млн. сом төгүп берди.

Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов мамлекетке келтирилген 1 миллион 33 миң 700 сом материалдык зыянды кайтарып берди. Аты аталган аткаминерлер үй камагына чыгышкан.

Ушул күндөрү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясы) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев мамлекетке 20 миллион сом өлчөмүндө зыянды төлөп, ал да үй камагына чыкты.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев соңку мезгилде кылмыш иштери боюнча кармалып, кийин акча төлөп берип абактан чыгып кетип жаткандардын иштери туурасында "Азаттыкка" төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди.

«Эгер маселен 200 миң доллар уурдап алган болсо, ошол 200 миң долларды төлөмөйүнчө эч ким чыгарылбайт. Азыр пара менен, же башка оор кылмыштары менен кармалып, өзүнүн кылмышынын бетин ачып, мамлекетке каражат түрүндө төлөп берип жаткандар болуп жатат. Өз каалоосу менен экономикалык кылмыш боюнча келтирилген уурулукту ордуна койгондорду биз убактылуу үй камагына алып жатабыз. Бирок бардык иш боюнча соттук отурумдар болот, алар күнөөсүнө жараша жазасын алат. Ал жагын сот чечет. Булар азыр тергөө убагында гана үй камагына чыкканга аракет кылып, ушундай жолго барып жатышат».

Юрист Нурбек Токтакунов тергөө менен кызматташуунун жол-жоболоруна токтолду. Ал келтирилген чыгымды төлөп берүүнүн өзү кылмышты моюнга алуу болуп саналарын белгилейт:

“Келтирген чыгымды төлөп берип жаткандан кийин бул ак эмесмин, мойнума алам деген сөз. Ошондуктан сот аны актап чыгарбайт. Бирок биздин соттор саясий чечим чыгарышы мүмкүн. Ал эми тергөө менен кызматташуу деген да мыйзам боюнча бул кылмышты мойнума алам, фактыларды өзүм көрсөтүп берем дегендик. Бирок азыр тергөө менен кызматташууга баргандар жасаган кылмышын мойнуна албаса деле формалдуу кылып коюп жатышпайбы. Тергөө менен кызматташууга барып туруп, “жок, мен таптазамын” десе, бул коррупциялык жана саясий келишим. Менимче, Садыр Жапаров менен Райымбек Матраимовдун ортосунда ич ара сүйлөшүүлөр жүргөн. Саясий келишимдерге келишкен”.

Былтыркы октябрь окуяларынан кийин келген жаңы бийлик мыйзамсыз байыгандардын каражатын мамлекеттин казынасына кайра кайтаруу саясатын жүргүзүүгө аракет кылууда.

Бул жараяндын алкагында Садыр Жапаров 21-октябрда бир айлык экономикалык мунапыс жарыялаган. Ал бул өнөктүктү бюджетти толтуруу, өлкөдөн чыгып кеткен мыйзамсыз капиталды, оффшордук эсептердеги акчаны кайра кайтаруу менен түшүндүргөн.

Кийинчерээк экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, парламент аны колдогон.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев буларга токтолду.

“Экономикалык кылмыш иштери менен мамлекетке өндүрүү иштерин биринчи орунга коюшубуз керек. Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча коррупциялык иште канчалаган аткаминер айыпталып абакта отурат. Учурда аларга карата козголгон кылмыш иштери бузулуп биринчи инстанцияга келип жатат. Ошол адамдарды 3-4 жылдан бери багып жатпайбызбы. Алар бир тыйын төлөшкөн жок. Эгер жасаган ишин мойнуна алып, өз каалоосу менен келтирген чыгымды мамлекетке төлөп берем дешсе биз эмнеге тоскоолдук кылышыбыз керек. Төлөтүп, ордуна коюшубуз керек. Ошол эле убакта алар кылмыш жоопкерчилигинен кутулган жок. Алар мыйзамдын чегинде, тергөө менен макулдашууга барып, соттон жаза алат. Аларды ачык эле күнөөң жок деп коё берген эч ким жок”.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова коррупцияга каршы күрөштүн мүнөзүнө токтолуп, экономикалык мунапыстын маанисин чечмеледи.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

“Райымбек Матраимовдун жасаган аракети экономикалык кылмыштарга кирбейт. Экономикалык мунапыс эл аралык практикада ишкерлерге карата колдонулат. Мүлкүн жашырып, салык төлөбөй жүргөндөргө кечирим берилет. Мамлекеттик кызматкерлерге бул система иштебеши керек. Мыйзам боюнча аларга ишкердик кылууга тыюу салынган. Ошондуктан Райымбек Матраимовго катара “Мыйзамсыз баюу” беренеси иштеши керек эле. Ал жерде эч кандай макулдашуу болушу мүмкүн эмес. Эгер келтирген зыян чоң өлчөмдө болсо, сөзсүз эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу керек”.

Кыргызстанда экономикалык кылмыш боюнча шек саналгандарга жеңилдик берген мыйзам 23-декабрда Жогорку Кеңеште дароо экинчи жана үчүнчү окууда каралып, кабыл алынган. Жыл башында президенттин милдетин аткаруучу болуп турган Талант Мамытов аталган мыйзамга кол койгон.


Мыйзамдын авторлорунун түшүндүрмөсүнө ылайык документ бюджетте каражат тартыш болуп турган учурда экономикалык жактан жана салык жашырып кылмыш кылгандардан акча өндүрүп, казынаны толтурууга, камактагыларга гумандуу мамиле жасоого багытталган.

Ошондой эле коомго же жеке адамга келтирген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтургандар жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ушул тапта экономикалык кылмыштарга байланышкан 1 332 иш тергелип жатат. Анын чыгымы 175 миллион сомго бааланган.

XS
SM
MD
LG