Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Курманкул Зулушев акча төлөп үйүнө чыккандар жөнүндө түшүндүрмө берди (видео)


Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

Башкы прокурор Курманкул Зулушев «Ыңгайсыз суроолор» телекөрсөтүүсүнө маек куруп, соңку мезгилде кылмыш иштери боюнча кармалып, кийин акча төлөп абактан чыгып кетип жаткандар жөнүндө түшүндүрмө берди.

Ал айыпталгандар тергөө учурунда абакта жатпаш үчүн баш коргоо чарасынын үй камагы тандалып жатканын, ага карабай алардын иштери сотко жеткирилерин билдирди:

«Эгер маселен 200 миң доллар уурдап алган болсо, ошол 200 миң долларды төлөмөйүнчө эч ким чыгарылбайт. Азыр пара менен, же башка оор кылмыштары менен кармалып, өзүнүн кылмышынын бетин ачып, мамлекетке каражат түрүндө төлөп берип жаткандар болуп жатат. Өз каалоосу менен экономикалык кылмыш боюнча келтирилген уурулукту ордуна койгондорду биз убактылуу үй камагына алып жатабыз. Бирок бардык иш боюнча соттук отурумдар болот, алар күнөөсүнө жараша жазасын алат. Ал жагын сот чечет. Булар азыр тергөө убагында гана үй камагына чыкканга аракет кылып, ушундай жолго барып жатышат».

Кылмыш жол менен тапкан акчанын ордун толтуруп, абактан чыгуу Кыргызстанда былтыр бийлик алмашкандан кийин жанданган. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупциялык иштерден мамлекетке келтирген 2 миллиард сомду биринчилерден болуп кайтарган. Ал бул каражаттын 1 миллиард 400 миллион сомун акча менен, калганын бир соода борбору, тогуз батир менен төлөгөн. Натыйжада үй камагына чыккан.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурунку жетекчиси (Ю.Б.К.) мамлекетке келтирилген 11,7 млн. сом чыгымды толтурса, Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн миллион сом төлөп берген. Бишкек-Ош жолундагы коррупциялык схемага байланыштуу шектүү катары кармалган Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев күнөөсүн мойнуна алып, бюджетке 2,5 млн. сом төгүп берди. Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун мамлекетке келтирилген 1 миллион 33 миң 700 сомдук материалдык зыянды кайтарган. Булар да үй камагына чыккан.

Ушул күндөрү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев мамлекетке 20 миллион сом өлчөмүндө зыянды төлөп, үй камагына чыкты.

24.kg агенттиги өз булагына таянып Финансы полициясынын мурдагы төрагасы Бакир Таиров да казынага 20 миллион сом төгүп, жакында үй камагына чыгарын жазды. Биринчи май райондук соту менен УКМК бул маалымат боюнча комментарий берген жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG