Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:15

Финполициянын жетекчисинин мурдагы орун басары Жамгырчиев үй камагына чыкты


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 8-февралда кабыл алганын басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы Жамгырчиев мамлекетке 20 миллион сом өлчөмүндө зыянды төлөп бергенин билдирди.

2020-жылдын 20-октябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шектүү катары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов кармалганын маалымдаган. Алар Финполдо аткезчилик боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу маселени оңунан чечүүгө убада берип жеке ишкерден акча алышкан деп шек саналууда. Бактыбек Калмуратовдун бөгөт чарасы жөнүндө маалымат азырынча жок.

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгында Жазык кодексинин «Пара алуу» деген 325-беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Эмил Жамгырчиев Финполдо жетекчинин орун басары болуп 2018-жылдын апрелинен 2020-жылдын 17-октябрына чейин иштеген.

24.kg агенттиги өз булагына таянып, Финансы полициясынын мурдагы төрагасы Бакир Таиров да казынага 20 миллион сом төгүп, жакында үй камагына чыгарын жазды. Бирок Биринчи май райондук соту, УКМК бул маалымат боюнча комментарий берген жок.

Бакир Таиров былтыр октябрдагы парламенттик шайлоо үчүн мамлекеттик мекемелерден акча чогулткан деген шек менен 10-декабрда кармалган. Эртеси күнү Биринчи май райондук соту аны 2-февралга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган. Анын камактагы мөөнөтү 2-апрелге чейин узартылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG