Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланды


Жогорку Кеңештин сайтында Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланды. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын сексен депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган.

Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Учурда ошол эле дата (2020-жылдын 17-ноябры) менен конституциялык кеңешме жакында эле иштеп чыккан Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлганы белгилүү болду.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун үстүндө эки айдан ашуун иштеген конституциялык кеңешме 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген. Аталган кеңешме долбоорду 27-январда кабыл алган.

Анда президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. Долбоорго ылайык, президент аткаруу бийлигин жетектейт, министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт, президенттин администрациясын, Коопсуздук кеңешин түзөт жана башкарат. Мындан тышкары башкы прокурорду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун жетекчилерин, судьяларды дайындайт. Өзүнүн демилгеси менен референдум жарыялай алат. Мыйзам чыгаруу укугуна да ээ.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга коюп, 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүлгөн болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG