Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Жапаров: Ээнбаштык жана мүлк талаш иштери бар адамды мэрликке коюу мүмкүн эмес


Эрмек Нургазиев.
Эрмек Нургазиев.

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Эрмек Нургазиевдин кызматка коюлушун сындады. Ал бул тууралуу пикирин «Инстаграмдагы» баракчасына жазды.

«Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес», - деп жазды президент.

Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун буйругу менен Нургазиев мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганы 9-февралда расмий маалым болду. Буга чейин ал “Эмма строй” курулуш компаниясынын башкы директору болуп иштеп жаткан. Ал кызматка киришип жатып журналисттерге басма сөз жыйынын өткөрүп, президент менен жолугуп чыкканын билдирген жана "Мен пландарымды президентке айтып бердим. Мага ишеним артканы үчүн ага ыраазымын" деп айткан.

Коомчулукта Нургазиевдин Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп келгенине нааразычылык айтылып жатат.

2018-жылы "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү турак жай курулушундагы башаламандыктарды, мамлекет жөнгө сала албай жаткан системаны иликтөөгө алган. Бул иликтөөдө Эрмек Нургазиевдин да аты аталган болчу.

Бул күндөрү Интернетте "Нургазиев нааразылык акциясына чыккан аялга кол көтөргөн" деген видео тарап жатат. Айрым маалыматтарга караганда, ал аял адвокаттык ишин аткарып жаткан жана Нургазиев менен үлүш негизинде көп кабат үй куруу боюнча милдеттенмелердин аткарылбай жатышына байланыштуу айтыша кеткен.

Нургазиев бул тууралуу журналисттерге "Ал аял биздин үлүшчүлөрдүн жыйыны өтүп жаткан жерге келип, телефонун даярдап коюп, бетиме чаап жиберген. Бул 1,5 жыл мурда болгон окуя. Мен да реакция болуп кетип, чаап жибергем. Анысы чын" деп айтты. (TSh)

XS
SM
MD
LG